Эл аралык "Аль-Джазира" басылмасы Кыргызстандын жаңы шайланган президенти тууралуу жазды. Анда басылма Садыр Жапаровду жаңы улуттук баатыр деп белгилеген. 

"Ал эл ичинен суурулуп чыккан адам. Үнсүздөрдүн жаңырыгы: жакыр аймактар жана карапайым жарандар орус тилдүү борбор калаанын жаркын жашоосунан алыс. Садыр Жапаров кыргыз тилинде жатык жана түшүнүктүү сүйлөй билгени менен элдин колдоосуна ээ боло алды. Ал өлкөнүн басымдуу саясий элитасынын көңүл сыртында калып келген жумушчу-мигранттардын колдоосун алууга көп көңүл бурду", -деп жазган басылма. 

Ошондой эле, "Аль-Джазира" Kloop медиасынын түзүүчүлөрүнүн бири Бектур Искендер менен маектешкенде, ал жумушчу-мигранттардын колдоосу Жапаровдун чыныгы популярдуулугун жаратууда өтө маанилүү болгонун белгилеген: "Анткени, миллионго жакын кыргыздар чет өлкөлөрдө иштешет, алардын көбү начар шарттарда жашашат, дискриминацияга туш болушат, Россия мамлекети кайдыгер мамиле жасайт, а Кыргызстан толук унутта калтырган. Анан капысынан аларга көңүл бурган саясатчы пайда болду". 

Андан ары басылма Садыр Жапаровдун 10-январда өткөргөн маалымат жыйында айткан сөзүн келтирген: "Сиздердин добушуңуздар мага күч-кубат берди жана ишке ишенимдүү киришүүмө жол ачты. Ишенимиңиздерди сактоо үчүн колумдан келгендин баарын жасайм. Мен бийликке өлкө үчүн кыйын учурда келдим". 

Басылма жаңы президенттин бул айткандарын мындайча сыпаттаган: "Анын добушу токтоо жана жумшак чыкты. Ал өзүнүн ишинин акыйкаттыгына терең ишенди. Ал кайраттуу жана чечкиндүү көрүндү. Андан соң ал чет өлкөлөрдө кара жумуш жасап жана ал үчүн жетиштүү эмес акча алган жумушчу-мигранттарга шарт түзүп, үйлөрүнө кайтарууну убадалады. Ал атаандаштарына,  өзүн дискредитациялоого аракеттенген саясатчыларга карата жек көрүүсү жана өч алууга ниети жоктугун жана  элдин каалоосуна каршы барбай турганын билдирди".