"Референдум өттү, Президенттик башкаруу формасын эл тандады! Бул нерсе эң оболу эмнени билдирет? Эл шайлаган Президент Өкмөттү курайт жана аны башкарат!

Ошол үчүн, мүмкүн шайланган Президент Премьери жок эле Өкмөттү башкара бергени оң болуп жүрбөсүн? Референдумдун жыйынтыгын акырындап турмушка ашыра берген болот элек...Акыры ошого барабыз да баары бир...", - деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына.