"Урматтуу Мекендештер! Шайлоо бүттү. Эми өткөндү унутуп, кеткенди кечирип, ынтымак, биримдик, тилектештик менен мамлекетибиздин, улутубуздун келечеги үчүн астыга кадам таштайлы! "Жакшы сөз жарым ырыс"- дейт. Касташуу, тирешүү,чукулашуу, мамлекетибиздин, улутубуздун келечеги үчүн жаман тилек- сөздөрдү айтуу жакшылыкка алып келбейт. Шайлоо астындагы бири-бирине айтылган, ар кандай сезимге ойногон, көкүткөн сөздөрдү унуталы.Биз бир мамлекетте жашайбыз. Балдарыбыз, келечек муундарыбыз да ушул мамлекетте жашайт. Келечектин жоопкерчилиги баарыбыздын моюнубуздагы жүк. "Ынтымак бар жерде ырыс бар" дешет элибиз. Ынтымак менен бирге аракеттенсек баарын жеңебиз. Келечекке өнүкөн-өскөн мамлекет калтыралы. Башкы максат ушул болсун!" - деп жазды соцтармактагы баракчасына жазуучу Чолпонбек Абыкеев.