-Президенттик шайлоого кандай баа бердиңиз?

-"Калк айтса калп айтпайт" дегендей, шайлоо мурунку шайлоолорго  караганда жакшы таза өттү. Административдик ресурс колдонулган жок. Добуштарды  сатып алуу деген болгон жок. Конституциянын экинчи беренесинде так жазылып турат: бийликтин ээси эл деп, чындыгында элибиздин тандоосу болду.

-Эми мындан аркы аракетибиз кандай болушу керек?

-Бүгүнкү күнү мамлекетибизде саясий, экономикалык, социалдык абалыбыз оор болуп турат. Ошондуктан, бардык саясий күчтөр жана талапкерлер шайлоону таанып, эл-журтубуз колдоп утуп келген Садыр Жапаровдун иштешине  жардам беришибиз керек. Кыргызда жакшы накыл сөз бар эмеспи, “эрегиштен эр өлөт” деген. Бийлик деп ызы-чуу болуп жатып мамлекетибизди жоготуп албайлы. Кийинки орунду алган азаматтардан суранат элем, мамлекетибиздин бүтүндүгү, эл-журтубуз келечеги үчүн биригип, эл тарабынан утуп келген президентке жардам берип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошолу деп.

Булак: “Майдан. kg” гезити