Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысы Станислав Зась Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна шайланышы менен куттуктады.
“Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму ЖККУ алкагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн сиз тастыктаган багытты жогору баалайт. Кыргыз Республикасы мындан ары дагы биздин Уюмдун ишмердигинин өркүндөшүнө жана натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салымын кошот деп ишенет.
Сизге чың ден соолук жана жогорку мамлекеттик кызматтагы жооптуу ишиңизге ийгиликтерди каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграмасында.
КР Президенти кызмат ордуна талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматы