Мара жакын, адатта марага жакындаганда күлүктөрдүн аяктары тыпырап, озуп чыкканга акыркы күчтөрүн жумшашары белгилүү. Бирок ачыгын айталы, азыркы президенттик шайлоодо андай айыгышкан эрегиш, талапкерлердин бириэкинчисин омуроолоп “туяктарынан чаң чыккандары” байкалбайт. Жыйынтыктары жокко чыгарылган өткөн парламенттик, андан мурдагы президенттик шайлоолордо добуш бере турган күн жакындаган сайын эл аралаган үгүтчүлөр, жер-жерлердеги штабдарда опур-топурлар көбөйүп, талапкерлер жөнүндө таңгакталган кагаздар таркатылып, “баланча үчүн добуш бере тургандарга миң сомдон, түкүнчө үчүн добуш берем дегендерге эки миң сомдон берилет экен” дегендей имиштер эл арасын жөө тумандай каптап кетсе, бул шайлоодо андай көрүнүштөрдүн бирин да байкай элекпиз. Жалпы улуттук масштабда бир гана талапкердин же Садыр Жапаровдун үгүт иштери үстөмдүк кылууда, ал эми калгандарынын эмнегедир “дүбүрттөрү” жетиштүү угулбайт.
Башкалардыкына салыштырганда шанстары жогору деген Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Каныбек Иманалиев, Улукбек Кочкоров сыяктуу талапкерлердин деле Бишкектин көзгө түшө турган жерлеринен паннолорун, чакырыктарын же мурдагы шайлоолордогудай таңгакталган үгүт кагаздарын көрө элекпиз. Мурдагы шайлоолордо талапкерлердин (партиялардын, жеке адамдардын) үгүтчүлөрү сагызгандын изин суутпай бири-экинчисинен озунуп ар үйдүн эшигине өз кагаздарын кыпчып турушса, азырынча Садыр Жапаровдукунан башкасыныкын (биз өзүбүз жашаган жаңы конуштун мисалында айтып жатабыз) көрө деле элекпиз. Бул эмнени билдирет?
Бир жагынан бул ачык айтылбаса да жеңүүчүнүн алдын ала эле белгилүү болуп, талапкерлердин басымдуу көпчүлүгү реалдуу негизги максат үчүн эмес, биротоло “жер кучактап”, элге уят болуп калбастан, марафондон акыбалдары жетишинче татыктуу чыгууну гана көздөп калгандыгынан кабарласа, экинчи жагынан Садыр Жапаровдукунан башкасынын бардыгынын каржылык, уюштуруучулук ресурстары өтө эле чектелүү экендигин гана айгинелөөдө. Мүмкүн, шыкамага келгенде (ашуудан ашардагы акыркы чек) талапкерлердин айрымдары ага чейин жыйнап, сактап келген ресурстарынын бардыгын жумшашар, чачышаар (чындыгында ал деле күмөн), бирок азырынча бул президенттик марафондун ушул мезгилге чейинки бөлүгү жупуну жана таза өтүп келди десек болот. Аягына чейин ушундай көрүнүш сакталса, аны Кыргызстандын Гиннесинин китебине киргизсе болот. Бардыгы салыштыруудан билинет дешет, эгерде салыштырсак, 2011, 2015, 2017-жылдардагы, анан өткөн жылдын октябрындагы шайлоолордогу ыгым-чыгымдарга салыштырганда азыркы шайлоодо сарпталгандар “жетим кыздын тоюндай” болуп жатканына сиздер деле күбө болуп жатасыздар. Мындан ары да парламенттик, президенттик шайлоолор ушундай өткөрүлсө, биз да өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдөй шайлоолорду мыйзам чектеринде таза өткөрүү жолуна түшмөкпүз.
Албетте, окурмандарды кызыктырган негизги маселе: бул шайлоодо ким жеңет? Шайлоо бир тур менен аяктайбы же анын экинчи туру да болобу? Шайлоодон кийин ашыкча ызы-чуулар болбойбу? –деген суроолор.
Менин оюмча, окурмандардын дээрлик бардыгы болбосо да басымдуу көпчүлүгү президенттик марафондо биринчи турда эле ким озорунан, башкаруунун формасы боюнча элдин тандоосу кандай болорунан шек санашпайт деп ойлойм. Анткени, өлкөдөгү буга чейинки саясый кырдаал, моралдык психологиялык абал ошондой жыйынтык чыгарганга түрткү берүүдө. Алдыдагы бир жумага жетпеген убакыттын ичинде анын кескин өзгөрүп кетиши кыйын. Болжолубузда Садыр Жапаров 10-январда эле жеңишке жетишет, андан кийинки орундарды Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Каныбек Иманалиев, Улукбек Кочкоров ээлешет. Адахан Мадумаровдон башка талапкерлердин упайларынын ортосундагы айрымачылыктар 1-1,5 пайызды гана түзүшү мүмкүн. Элдин биримдиги, өлкөнүн саясый туруктуулугу үчүн бул талапкерлер шайлоодон кийин бир командага биригишип иштешсе, аябагандай жакшы болмок. Анткени, булардын бардыгы мекенчил, принциптүү, ар кимиси өз тажрыйбасына жараша иштин көзүн билгендерден.
Президенттик шайлоо аяктагандан кийин Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын шайлоо, жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүп, аймактык-административдик реформаларды ишке ашыруу сыяктуу саясый чоң милдеттер турат. Экономикадагы кризистик көрүнүштөрдү токтотуп, өнүгүү жолуна түшүрүп, айлыктарды, пенсияларды, жөлөк пулдарды жок дегенде инфляциянын деңгээлине жараша индексациялап турбаса, саясый абал тез эле кайра бузулушу мүмкүн. Ошондуктан, жеңгендердин урматтарына барабандарды күрсүлдөтө уруп, фанфарларды жаңыртып, жеңилгендерге жогортон караганга эртелик кылат, алар шайлоодогу атаандаштыктарын тез унутуп, элдин, мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн биригип, бир командада иштөөлөрү зарыл. Садыр Жапаров тарыхка чачуучу эмес, айкөл жыйноочу болуп киргенге аракеттениши керек. Ошондо гана үчүнчү төңкөрүш өзүн актайт, элдин андан күткөндөрү аткарылат.
Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: «Майдан. kg» гезити