Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз каалоосу менен фракциянын лидерлигинен кетип, анын ордуна Айсулу Мамашева фракция лидери болду. Мындай чечим фракциянын 5-январдагы кезексиз жыйынында кабыл алынды.

Фракциянын лидеринин орун басары болуп,  Наталья Никитенко шайланды.

Ошондой эле жыйында депутат Клара Самат «Ата Мекен» фракциясынан чыгарылды.

Булак: reporter.kg