Өлкөдө 5-6-октябрда башаламандык башталып, өкмөт үйүн нааразы болгон карапайым калк курчоого алышты. Бул учурда оппозициялык маанидеги партиялар жана топтор ич ара өкмөт башчынын кызмат ордун соодалоого өтүштү. Жапаров менен Ташиевдин тарапташтары автивдүүлүгүн көрсөтүштү.  “Достук” мейманканасында өткөн эл өкүлдөрүнүн жолугушуусу ийгиликсиз аяктап, орток бир пикирге келе алышпаганына бардыгыбыз күбөбүз. Бул нерсени Садыр Жапаров элиталардын саясий оюну катары мүнөздөйт. 

Ташиев менен Жапаров дээрлик бардык саясий топтор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында Жапаров өкмөт башчылык милдетти аткарууга киришти.  Аңгыча болбой президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кете турганын шардана кылды. Ошентип,  Садыр Жапаров премьерлик жана президентик милдетти моюнуна алды. 

Карапайым эл, жада калса журналисттер, эксперттер Жапаровдун бийликке  келүүсүн күткөн эмес. Күтсө да ал мынчалык тез аранын ичинде ишке ашаарын ойлошкон эмес болчу. Чынында ал темир тор артынан чыккандан көп өтпөй эле премьер гана эмес, президенттин милдетин аткаруу кимдин эле оюна келсин?..