Биз ким элек, ким болдук? Бүгүн ушул суроону ар бир кыргыз өзүнө берүүгө  тийиш. Эгемендүүлүккө ээ болуп, туубуз желбиреп, көк асманга аска-зообуз тирелип, кубанычыбыз койнубузга батпай, эдиреңдеп эркиндиктин даамын таттык. Эркиндик бул демократия деп төш кактык, сенден мен акылдуумун деп бири-бирибизди “башка” чаптык. Ошентип билинбей арадан отуз жыл өттү, ал эми өлкөбүз өйдөлөй албай өксүүдө. Ар бир шайлоодо айтылган курулай сөз, кур убадалардан тажаган эл – ыйлап да айтты, тамашалап да, шылдыңдап да айтты. Бирок бийлик төбөлдөрү көнгөн адаттарынан арылбай, мамлекеттин кызыкчылыгынан  өз кызыкчылыктары өйдө койгон бойдон кала беришти. Ажолорубуздун биринин тагдыры экинчисине сабак болбоду, тактыга жеткенде көздү май басып “мен жүргүзүп жаткан саясатым туура” деген кыска ойдон алыс кете алышпады. Жылдан жылга элдин сабыры кетип, үч миң сом пенсия, беш миң сом айлык алып  “өлбө жаным, өлбө”  деп келе жатты.

Адашуу... Чытырман токойдон адашкан адам бир баскан жерин кайра-кайра айланып басып жүрө берет. Ал айлануунун аягы жоктой. Учурда биз дагы адашуу жолундабыз. Улам баскан жолубузду кайра басып, ошол айлампадан чыга албай келгенбиз. Бирок алдыдагы шайлоо мына ошол айлампадан чыгууга мезгил келгенин кабар бергендей... Кудайым сүйгөн пендесине сыноо берет дейт. Кыргыз касиеттүү эл болгондуктан, ага да ошол айлампадан алып чыкчу акжолтой ажону тартуулайт деген үзүлбөгөн үмүт бар. Албетте, ал үмүттүн шооласы жаныш үчүн, элден дагы аракет керек. Кайсыл жолду тандасак, кимдин артынан ээрчисек, өнүгүүгө багыт алабыз деген ой көп адамды түйшүлтүп келет. Учурда он сегиз адам президенттикке талапкерлигин койду. Көпчүлүгү отуз жылдан бери орок оро албай, тили менен буудай кууругандар. Анын үстүнө “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет”  болуп, элдин ишеними дагы, аң сезими дагы, каалоосу да мурдагыдай эмес. Куру убадаларды угуп, башын ийкеп отура бербейт. Эл талап койгонду үйрөндү. Адал менен арамды, чын менен жалганды, жакшы менен жаманды айрымалай алчудай деңгээлге жетти. Шайлоо жарышына ат салышкан талапкерлерди бир сыйра сыдырып карап, сындан өткөрүп шайлай турган убакыт келди. Бирок кимди? Маселе ушунда...

Учурдагы үгүт иштеринин алкагында, ар кандай сөздөр айтылып, программалары жазылып жатат. Ажону тандоодон мурда, алардын курулай сөздөрүнө эмес, жазган программасына карайлы, керек болсо ошол программаны көчүрүп, катып коелу. Эртең кимиси такка келсе да көзгө сайып көргөзүп, ушул программаңдын негизинде иштегин деп талап кое алабыз. Анткени “сөз оозуңдун жели”  дегендей айтылган жерде калып кетиши ыктымал. Ал эми жазылган нерсе бул тарыхый документ болуп кала берет.

Эмесе, тандоо...  Албетте, тандоо дайыма татаал. Бирөөнүн көзү жакшы, бирөөнүн сөзү жакшы, бирөөсү тууган, бирөөсү куда, бирөөсү айылдаш, бирөөсү дос, бирөөсү кошуна. Бирок тандоо бул - ар бир жарандын мамлекеттин келечегине болгон чоң жоопкерчилиги. Сиздин өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымыңыз, балдарыңыздын келечегине кылган тандооңуз. Андыктан менин бир добушум эмнени чечмек эле деп, бирөөдөн миң сом алып  балдарыңызга жарыбаган токоч алып берип койсоңуз, эртең сиздин балдарыңыз дагы ушул айлампадан чыга албай, баткакка батып кала берет. Андыктан, кыргызда жакшы кеп бар “жети өлчөп бир кес” деген. Ар бир талапкер учурда эмне менен алек, ким кандай иш жүргүзүп жатат, буга чейин ал эмне ишти кылды, мына ошолорго абай салып, андан кийин чечим чыгаруу кажет. 

Шайлоого аттанган он сегиз талапкердин арасында бир аргымак бар. Башкалардан өзүнүн сабырдуулугу менен, ынсаптуулугу менен, көрөгөчтүгү менен айрымаланып турат. “Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет” дейт кыргызда. Тагдыр ага тайгак жол, катаал сыноолорду берди. Көптү көрдү, турмуш аны ары калчап, бери калчап бышырды. Ак, караны айрымалаганды, жашоодо эмне кымбат экенин жоон терисинен сезди. Жалпы элдин дити дагы ошол талапкерге тартып турат. Акыркы үмүт ушул адамда калгандай. Өзүнүн жөнөкөйлүгү, элге жакындыгы, жоопкерчиликти моюнга ала алгандыгы, ошондой эле, кандай татаал иш болбосун маселени шар чечкендиги менен элдин ишенимине кирип жатат. Эки тизгин, бир чылбырды колго, жоопкерчиликти моюнга алып, мамлекетти өйдөлөтүүгө акылы, коррупционерлердин эки бутун бир кончко тыгып, бастырбай  коюуга бир гана адамдын эрки жетсе керек. Мамлекетти саясый оор кырдаалдан, башаламандыктан, талап-тоноочулуктан сактап, былкылдатпай чыгарып кеткен адамдын мындан ары дагы ийгиликтүү алып кетүүгө кудурети жетет. Анан артында өзүнүн саясатын таңуулаган державалар, өзүнүн кызыкчылыгын таңуулган байлар жок. Анын артында карапайым калкы бар, ошол калктын тоодой ишеними бар. Чындыгында ишеним бул өтө чоң, өтө зор күч. Жалпы журт ишеним артып турган соң, ошол ишенимди актоого бардык аракетин жумшары айкын.  

Өзү бизге кандай президент керек? Баарыбыз эле жакшы жашоого умтулабыз. Балдарыбыздын кийими бүтүн, курсагы ток, жашоодо кыйналбай жашаса деген эле тилек. Ал тилекти ишке ашыруу үчүн, мамлекеттин байлыгын талап-тоногон коррупционерлерди жок кылсак эле иш оңолмок дейбиз. Андыктан, жолдорду эптеп жамачылаганы үчүн миллиондорду сугунуп, даараткан салганына миллионду жеген жемкорлорду токтотууга эрки жеткен ажо керек. Мамлекетте коррупциялык схемалар өтө көп, чиеленишкен түйүндү чечүү  мына ошол он сегиз талапкердин ичинен кимисинин колунан келет. Алдыга жулкунгандардын өмүр баянын, баскан жолун баарыбыз жакшы билебиз. Андыктан, алардын арасындагы айрым талапкерлер президент болуу үчүн эмес, эл ишеним арткан адамды буттан чалуу үчүн талапкерлигин койгондой көрүнөт. Алардын мамлекетти эки жылда көтөрөм деп төш какканы менен кыйраган программасы жок. Беш-алты киши жолуккан жерде  каралоо пиарлары менен алек. Мындай адамдардын артында кимдер турат деп ойлойсуңар? Аларга ким демөөрчү болуп жатат? Айтылып жаткан ар бир сөздү анализдеп, бул эмне максатта айтып жатат деп артында катылган ойду билүүгө аракет кылуу керек. Ошондо биз адашпай айлампадан чыга албыз.

Ким эмне дебесин, кандай убада бербесин - тандоо өзүбүздөн. Биз кандай келечекти, кандай жашоону кааласак ошол нерсени бизге түзүп берүүгө колунан келе турган адамды тандообуз кажет. Мамлекеттин өнүгүшү сиздин добушуңуздан чечилет!

Талгат  Аманбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити