"Таалайлуу менен талашпа, бактылуу менен баалашпа"-деген улуу сөз бекер айтылган эмес.
Кудайдын буйругу менен 2010- жылы “Ата Журт” партиясынын биринчи орунда Кудайдын, элдин колдоосу менен жеңип келген. Тилекке каршы, он жыл мурун КСДП үчүнчү орунда келгендигине карабай, УӨттүн айрым өкүмзорлору Отунбаева, Атамбаев, Текебаев ж.б. аракети менен мыйзамды бузуп, ээлик кылып алганы тарыхтын чындыгы.
4 жолу коалиция түзүү КСДПга берилген. Өздөрү иштеп чыккан Конституцияны “чү” дегенде өздөрү бузушкан. Президентти күчтөндүрүп, парламентти алсыздандырып, Конституциялык мыйзамдарды 2012- жылы кабыл алдырып, Конституцияны Текебаев президенттик - парламенттик аралаш башкарууну орнотуп өзү талкалаган.
“Ата Журттун” жетекчилерин камап, соттоп, жалаа жаап, жаманатты кылып, “Ата Журтту” талкалап, басынтканга аракет кылышкан. Бул факт. (Текебаев өзү мойнуна алып сүйлөгөн сөзү тастыктайт). Кудайдын буйругу менен кайтаар дүнүйө деген чын экен. Он жылдан кийин Кудайым “Ата Журт” партиясынын мүчөлөрүнө ошол мезгилдеги ооматтарын кайтарып берди. Бул күтүлбөгөн окуя. Бирок Кудайдын акыйкат буйругу болду.
Балким, ошондо “Ата Журт” партиясынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Акматбек Келдибековдордун Кудай берген укугун талашып, талкалашпаганда, балким азыр парламенттик башкаруунун туу чокусуна жетмекпиз. Парламенттик башкаруу далилденмек. Конституция талкаланмак эмес. Конституцияны өзгөртөбүз деп кырылышмак эмеспиз. Жашоо, өнүгүү башкача боло беле, Кудай билет.
Ошондуктан УӨттүн мүчөлөрү өздөрүн сын көз менен карашса жакшы болмок.
“Жыгылган күрөшкө тойбойт” болуп, жанталаша бергенди токтотушуп, тообасына жанып, элдин алдында кечирим сураса жакшы болот. Элдин тагдыры менен ойногонду токтотушса.
Он жыл бою УӨттүн мүчөлөрү, КСДП партиясы бийлик жүргүзүп келди. Эл чыдап, жакшы эле мүмкүнчүлүк берди. Бийлик жүргүзүү колдорунан келбеди. Мамлекет саясый, экономикалык, социалдык, руханий жактан кризиске кептелди. Ушундан өздөрү жыйынтык чыгарышса болмок. Пикирлерин өзгөртүп,ниеттерин түздөсө жакшы болот.
Кыргыздын жүрөгүндө жалы бар, эр жүрөк балдары бийликке келсе оңолобуз буюрса.
Анткени элибиз митайым, пысмык, келжирек, куйсупурларга эмес, мамлекетчил, улутчул, мекенчил, чыныгы патриот, айтканынан кайтпаган, беттегенин бербеген көк жалдарга муктаж болуп турат.
Ар кандай көрүнүштүн өз мезгили келет.
Кечке бут тосо бербей, ынсапка келели.
Майдаланып, ар бир айткан сөздөн кыйкым издегенди токтотуп, бийик бололу.
Бул тарых. Тагдырга таң бергенди да үйрөнсөк.
Булак: “Майдан. kg” гезити