Бүгүн Бишкекте болгон "мыйзамдуулук үчүн тынч жүрүш" тууралуу президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Нургазы Анаркулов андагы айтылган талаптарга мамлекет тарабынан өз убагында жооп берилгендигин билдирди.
"Жөө жүрүштүн катышуучулары тарабынан коюлган талаптарга мамлекет өз убагында жооп берип, түшүндүргөн. Ошондой эле, жеке талапкерлердин шайлоо процессине катышуусунун мыйзамдуулугу боюнча да айтылган. Ошондуктан, митингдин уюштуруучуларын коомчулукту адашууга түртүп, жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырам.
Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөн, ким бирөөгө административдик басым жасоо ыкмасы колдонулган жок. Президенттик Аппарат тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жетекчилерине шайлоо процессине аралашпоого көрсөтмө берилген. Ошондой эле, референдумга дагы. Президенттик жана парламенттик башкаруу формасына үгүт жасаган ар кандай топтор каттоого алынган.
Ачык айтканда, деструктивдүү күчтөр учурдагы саясий кырдаалдан пайдаланып өлкөгө башаламандык орноткусу келет. "Мыйзамдуулук үчүн тынч жүрүш" деп атап алышкан жүрүштүн уюштуруучулары коомго жалган маалымат берүүнү токтотушу керек. 10-январда провокаторлордун чагымына алдырбай, эл өзү тандоо жасашы керек", - деди Нургазы Анаркулов.