Кыргызда Курманжан датка баш болгон акылдуу, ынсаптуу аялдар чыккан. Акырын сүйлөп акылын айтып, элдин бүтүндүгү, келечеги, тынчтыгы үчүн жан үрөшкөн. Ал эми азыркы өзүн акылдуу сезген Клара Сооронкуловага окшогондор ажылдап, талашып-тартышып жүрүшөт. Анткени Сооронкуловага окшогондорго кызмат керек. Кызмат үчүн эмнеге гана барбайт. Шайлоого миллиондоп чачып, элди кайраштырып, кырылыштырып болсо да бир креслого илинүү керек. Аял деген ынтымактын, тынчтыктын очогу болсо. Сооронкуловага окшоп, батыштан акча алып, аны акташ үчүн эт-бетинен кетип, ээлирбей. Мындай калыстыктан тайган аялды ажо кылсак, өлгөнүбүз ошол...