-Эсенгул агай, эмнеге жаңы Конституцияга өңчөй парт лидерлер каршы чыгып жатышат?

-Бүгүнкү күндө конституциялык кеңешмеде коомчулуктун кеңири катышуусу менен талкууланып, жазылып аткан Баш мыйзамыбыздын жаңы редакциясына каршы болуп жаткан партиялык босстор  он жылдап бийликти бөлүштүрүп, каалаган адамдарын кызматка коюп, алар аркылуу байып жана бюджеттин, инвесторлордун акчасын өз кызыкчылыктарына буруп байып келгендер. Ошол «ырыскысынан» айрылып калгысы келбей жаңы Баш мыйзамга каршы чыгып жатышат. Тагыраагы, жаңы бийлик келсе жеп ичкендер, кызматынан кыянаттык менен пайдаланып мамлекетке зыян келтиргендердин бардыгы люстрациянын негизинде ишинен четтетилип, мыйзам алдында жооп беришет. Мына ушундай иштер менен алек болгондор Баш мыйзамды өзгөрүшүнө каршы болуп,  парламенттик гана башкарууну каалап жаткандай түр көрсөтүшүүдө.

- Кыргызстан президенттик башкаруу менен гана өнүгө алат деген көз карашка макулсузбу?

- Мамлекетибиздин «эки тизгин бир чылбырын»  бир адам алып, бир адам аткаруу бийликтин жана өзүнүн да ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына жооп бериши керек. Буга чейин төрт баштуу бийлик жүргүзгөндөрдүн  бири да жоопкерчилик алган жок. Мисалы, пандемия убагында жана акыркы шайлоодогу мыйзам бузууларга эч ким жоопкерчиликти алган жок. Кетирилген кемчиликке жана адамдардын кыйылган өмүрлөрүнө жооп берген жок! Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбооруна Президент аткаруу бийликтин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына жеке жооп берет деп киргизилүүдө. Ошондой эле,  бул Баш мыйзам кабыл алынса, бардык бийлик бутактары жана айыл өкмөттөрүнө чейин жоопкерчиликтүү болушат.  Эч ким кайдыгерликке жол бербейт.   Демек жоопкерчилик болсо бийлик элге иштеп, мамлекет да оңолот.

-Референдум  менен президенттик шайлоонун  бир күндө болгону  туура эле болдубу?

-Албетте, туура эле болду. Бу сапар Жогорку Кеңеш да референдум боюнча сунушту колдоп, жакшы иш кылды. Биринчиден, президенттик шайлоо менен референдумдун  бир күндө  болгонунан бюджет  эбегейсиз үнөмдөлөт. Экинчиден, экөө бир күндө болуп жатат деп сындабай деле койсок болот. Себеби, бул  референдумда Баш мыйзамдын долбоору эмес, башкаруунун  кайсыл түрүн тандайсың деген  суроо коюлуп жатат. Ошондуктан, элге ушул айырманы  туура түшүндүрүш керек.  Референдумга коюлуп жаткан суроолор Садыр Жапаровдун эң туура жана актуалдуу сунушу болду.

-Эсенгул агай,  дымагыбыздын күчтүүлүгүнөн президенттикке 18 талапкер   ат салышып жатабы же талапкерлерге болгон эреженин жумшактыгынан көп киши чыктыбы?

-  Бул жолку  президенттик шайлоого эбегейсиз көп талапкердин ат салышканынын бир канча себеби бар деп ойлойм. Биринчиси,  көп талапкердин чыгышына мүмкүнчүлүк берген Шайлоо кодексинин кемчилигинен деп айтаар элем. Тагыраагы, Шайлоо кодексинде  талапкерлерге  катуу критерийлердин (талаптар) коюлбагандыгынан татыктуусу да, татыксызы да шайлоого аттанган   жагдай орун алды. Негизи мамлекетти башкарууга жана Баш мыйзамыбыздын ГАРАНТЫ боло турган адамга катуу талаптар коюлушу абзел!

Экинчиси,   президент болот элем деген талапкерлердин көпчүлүгүнүн жеке амбициясы күчтүү жана ушул кадамым  менен элге көрүнүп калайын дегендер.

Үчүнчүсү,  артында калбыры бар таза эместер, кандидаттык күбөлүк алып, лидер талапкер менен соодалашууну максат кылгандар. Ошондой эле,  соодасы жүрбөй калса, президенттикке лидер болгон, эл колдоп жаткан талапкерди ар тараптан каралоо үчүн  шайлоого аттангандар да бар. Мына ушундай жагдайлардан улам президенттик кызматка 18 талапкер ат салышты.

-Башкы талапкердин эл менен жолугушуусунан көрүп жатабыз, ар  бир жерде көз жашын төгүп, адилетсиздиктин курмандыгы болгонун айткан апалар чыгууда. Бул нерсе өлкөбүздө адилетсиздик күч алганын айгинелейби?

 - Акыркы 15 жылда бийликтин жана соттун адилетсиздигинен жабыркагандар жана саясый куугунтукка кабылгандар өтө көп болду. Ошондуктан бир талапкер  бийлик бутагында жана ички иштер органдарында, сот бийлигинде олуттуу реформаларды жүргүзөбүз деп программасында так көрсөтүп ачык айтып жатат. Адилетсиздиктин курмандыгы болгондор андан адилеттүүлүктү күтүп,  ыйлаган энелер кайрылуу  жолдоп, баласын коргоп калуунун айласын көрүшүүдө.  Жолгушуулар  жасалмасыз эркин форматта өткөндүктөн, жакшылыктан үмүт кылган эл пикирин ачык айтып, талапкерге көкүрөгүн өйүгөн  көйгөйлүү маселелерин билдиришти.

-Эмне үчүн эл чын дилден колдогон талапкер  кара пиарга кабылды? 

- Жолугушууга келген элди көрүп, аттуу -баштуу талапкерлер кир, ыплас акчаларын чачып, бир жактуу каралоону баштады. Себеби, өздөрү алдын ала утулганын сезишүүдө. Ошондон улам аткаруу бийлик жагына да кара пиарды пайдаланууга аракет кылып,  ар кандай маалыматтарды таратышууда.

-Айрым талапкерлер мени шайласаңар Кытайга болгон карыздан  кутултам, ал турсун үч жылда ишимден жыйынтык чыгара албасам камап салгыла деген пикирлерин айтышууда. Буларга ишеним артсак болобу?

-Элдин турмушун оңдойм, бардык карыздан кутултам, Кыргызстанды гүлдөтөм деген талапкерлердин   бири да саясатта да, бийликте да жүрүп ийгилик жаратпагандар. Ошондой эле,  өзүнүн турмушун эптей албагандар, элдин ишеничине арзыбагандар. Алар элге куру убада берип,  өтөм деп өздөрүн сооротуп жатышат. Чынында алардын суу кечпеген убадалары үчүн эл добушун деле бербейт.

-Шайлоодон жеңип чыккан талапкерге  чоң мүмкүнчүлүк берилеби же жоопкерчилик жүктөлөбү?

-Жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда Президент мамлекеттин башчысы жана аткаруу бийлигин башкарат деп жазылууда. Ошондой эле  жоопкерчилиги да өтө чоң экендиги да баса белгиленүүдө. Тагыраагы, Баш мыйзамдын долбоорунда, мамлекет башчысы жалпы аткаруу бийлигинин   бардык ишмердүүлүгүнө жеке жоопкерчиликтүү деп жазылган. Анан да Курултай институтун  киргизишүүдө. Курултайга чогулган делегаттар  элдин артынан бир жылда бир жолудан кем эмес, Президенттин, аткаруу бийлигинин, Жогорку Кеңештин отчётторун угуп турат. Бул  жолу элдин көзөмөлү күчөдү деп түшүнсөк болот.

Айкөкүл Мырзабекова, Булак: “Майдан. kg” гезити