Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов «Биримдик» партиясынын төрагалыгынан кетип, партиядан чыкканын жарыялады. Бул тууралуу Аманкулов депутат Дастан Бекешевдин Телеграм-каналына берген чакан маегинде билдирди.
«Ооба, бул чын. Мен төрагалык ыйгарым укуктарды тапшырып, “Биримдик” партиясынан чыктым. Учурда мен партиясызмын, бул мени канааттандырат. Азырынча эч кайсы партияга кошулбаймын. Менин кийинки пландарыма шайлоо кирбейт», — деген Аманкулов.
Депутат мындан ары илимий-агартуу иштери менен алектене турганын кошумчалаган.
Аманкулов жетектеген «Биримдик» партиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо 24,9 пайыз добуш алган. «Биримдик» алган добуштарына ылайык парламенттеги 120 мандаттын 46сына ээ болушу керек болчу.
Анткен менен шайлоонун эртеси күнү парламентке өтпөй калган партиялардын тарапташтары нааразычылык митингдерине чыгып, ал бир нече күнгө созулган массалык толкундоолорго айланган. Натыйжада Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кызматынан кеткен.
Марат Аманкулов 2019-жылы Москвада Орусия менен Кыргызстандын кайчылаш жылына арналган иш-чарада айткан сөздөрү коомчулукта каттуу талкуу жараткан болчу. Видеодо Аманкулов «30 жылдык көз карандысыздыктан кийин ойлонууга жана кайтууга мезгил жетти» деп айткан.
Булак: “Майдан. kg” гезити