Элдин үмүтү Садыр Жапаровго ооп калгансыды. Камчыбек Ташиевдей досу турганда Садыр Жапаров өлкөнү "уурулардан" тазалап, коррупцияга бөгөт коёт деп үмүттөнүшөт.
Калган талапкерлердин деле ар биринин артыкчылыгы бар. Каныбек Иманалиевдин интеллекти, Улугбек Кочкоровдун ак ниеттүү кызматы, Канатбек Исаевдин саясий тажрыйбасы, Клара Сооронкулованын саясий активдүүлүгү, Курсан Асановдун эр көкүрөктүгү, Адахан Мадумаровдун ораторлугу (бул менин пикирим).
Бирок талапкерлер көп, а президент - бирөө.
Татыктуу жеңиле билиш керек!
Зинакан Пасанова, жазуучу, акын