-Жамин агай, бул сапар кыргыз эли кайсыл талапкерди колдоп, кимге ишеним артышы керек?

-Менимче Садыр Жапаровга ишеним чоң. Анткени, октябрь айында көтөрүлгөн эл аны өз колу менен алып келип мамлекеттин жана өкмөттүн башчысы кылып отургузган. Ошондуктан, калың журт жана интеллигенция Садыр Жапаровду жигердүү колдойт деген пикирдемин.

-Эл бул сапар талапкерлердин эмнесине карап добуш бериши мүмкүн?

-Шайлоочулар бул сапар президенттикке талапкерлерди таамай баалашат. Басып өткөн жолун баалап,   жасаган ишин иликтеп, инсандык жана мекенчил сапатына, адамгерчилигине көз чаптырышат. Адилеттүүлүгүн аныкташат жана өлкө алдындагы орчундуу көйгөйлөрдү чечүүгө саясий эрки жетишээрине өзгөчө көңүл бурушат.

-Президент болот элем дегендердин арасында абалды курчутуп, саясаттын нугун башка жакка бура салайын дегендер жокпу?

- Андайлар толгон - токой. Алардын аттарын айтып отурууга убакыт да жок. А убакыт деген - өмүр. "Калк айтса калп айтпайт" дегендей, эл аларды эшигине да киргизбейт. Буга мен толугу менен ишенем.

-Кылмыш иши ачылып калбасын деп президенттикке талапкер болгондор барбы?

-Сөзсүз бар. Эми аларды тийиштүү органдар изилдеп, күнөөсүн далилдешсин.

-Бул жолу  кимдин жылдызы жанып, ким президент болот деп болгооп жатасыз?

-Бул жолу Садыр Жапаровдун жылдызы жанып турат. Анын жүрөгү таза, оюу тунук. Эл үчүн башын канжыгага байлап, кыйынчылыкка төшүн тоскон жигит. Жалпы элибиздин көпчүлүгү аны жактырат. Айткан сөздөрү ачык жана түшүнүктүү. Көйгөйлүү жана олуттуу маселелерди чечүүгө саясий эрки жетет. Көп жылдары адилетсиз бийликтин азабын тартып, чыныгы акыйкатчылыктын эмне экенин жакшы түшүнөт.  Коррупция менен катуу күрөшүп, аны тап катары жоготууга күчү жетет.

-Жамин агай, эмнеге Садыр Жапаровду көрөбүз деп эле келген эл стадионго жык толуп жатат?

-Эл деген калыс, эл - элек, эл - тараза. Карапайым калктын стадионго келип батпай жатышы Садыр Жапаровду көрүү үчүн эле эмес, ага аябай ишеним артып жаткандыгынын белгиси.

-Кыргызстанда биринчи жолу президенттикке талапкер болгон адамдын жолугушуусуна эл селдей агылып келип жатат деген баа берилүүдө. Элдин көп келишине Садыр Жапаровдун берген убадалары себеп болуп жатабы же эл улуттук лидерге суусап калганбы?

-Чындыгында эле бул болуп көрбөгөндөй феномен. Мунун негизги себеби, мурдагы президенттердин эл менен түздөн-түз баарлашпай, алардан таптакыр эле алыстап кеткендигинде. Азыр болсо эл өткөн чактагы көргөн азап-тозогун айтып калууга аракеттенүүдө жана ал маселелер чечилет деп үмүттөнүүдө. Экинчиден, эл Садыр Жапаровдун улуттук лидер болушуна үмүт артып турганында. Ушундай улуу үмүт үзүлбөшү зарыл. Буюрса, 2021-жылдын 10-январында Кыргызстандын эли Садыр Жапаровду Президент кылып шайлап алса, анда ал ойдогудай жетекчи болот деп ишенем. Чындыгында, акыркы 70 жылдын ичинде бизде эки гана улуттук лидер болду. Алар - Исхак Раззаков жана Турдакун Усубалиев. Калгандары лидердин учуна да жеткен жок. Жаңы кылымдын 21-жылынын башталышында улуттук лидерди тандап жана таап алсак, анда көктөн издегенибиз жерден табылган болор эле.

-Референдум президенттик шайлоо менен бир күндө болсо  мамлекет үчүн да, шайлоочулар үчүн да пайдалуу болобу?

-Албетте, экөө бир күндө болсо, каражат жагынан аябай чоң үнөм болот. Ошондой эле эки маанилүү кампаниянын бир эле күнү чогуу өтүшү жүйөлүү иш. Анткен себеби, мамлекеттин башчысын шайлоо жана өлкөнү башкаруунун системасын аныктоо бири - бири менен тыгыз байланышта. Эл дагы эки жолу убара болбойт.  

-Айтмакчы, эмне үчүн коомчулукта  Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жоопко тартыш керек деген маселе күн ара көтөрүлүп жатат?    

-Бул жерде чыркыраган чындык жатат. Мындан 10 жыл мурун болгон окуяларды эстегенде кабыргабыз кайышат. Биринчиден, Убактылуу Өкмөттүн түзүлүшү жана ал бардык маселелерди Декреттер менен чечип тургандыгы мыйзамсыз болгон. Себеби, Убактылуу Өкмөттү эл шайлаган эмес жана өткөөл мезгилдеги Президентти аныктаганда дагы калк катышпады. Роза Отунбаева Президент болсун же болбосун деген бюллетендер да болгон эмес. Ал киши койкоюп келип эле бийликтин чокусуна отуруп алган. Бир жылдан кийин кеткени жакшы болду. Антпесе чатак башталмак. Эми 2010-жылы банктын ячейкаларындагы бакстарды жана баалуу заттарды көз көрүнө эле жеп койгондорун кайда жашырабыз. Каржы министри Темир Сариев менен Өкмөт башчысынын орун басары Азимбек Бекназаровдун акча боюнча ажылдашып жаткандарын өз кулагыбыз менен укпадык беле. Экинчиден, Убактылуу Өкмөт Өмүрбек Текебаевдин өнөрү менен теңирден тескери Баш мыйзамды жазып, өлкөбүздү парламенттик-партиялык системага кул кылып бергендигин кантип унутабыз.

 

 Булак: “Майдан. kg” гезити