Бүгүн,  24-декабрда УКМКнын төрагасы, генерал майор Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөзүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Журналисттер тарабынан узатылган 10-январда өтүүчү шайлоого карата соболго:

“Урматтуу коомчулук, 10-январда референдум жана президенттик шайлоо болот. Буга чейинки шайлоолордон таптакыр башкача форматта өтөт. Акчанын же бийликтин күчү менен эмес, эл каалаган, эл кадырлаган адам президент болот. Биз элге толук шарт түзүп беребиз. Бир дагы мамлекеттик органдан элге эч кандай басым жасалбайт. Карапайым элге бир жолу мүмкүнчүлүк берели, эл иштечү адамды өздөрү тандап, кимди каалашса ошол адамды президент кылып шайлап алышсын. Мындан сырткары дагы бир айта кетүүчү нерсе,  10-январдан кийин кайсы бир күчтөр элди чогултуп, бийликти алабыз же резонанс жараткан окуяларды жасоо боюнча пландар бар экен. Албетте митинг өткөрүү ар бир адамдын эрки, укугу. Бирок, коомдук тартипти бузганга жол бербейбиз. Талапкерлердин ким менен жолугуп, кандай темада сүйлөшүп, кандай пландары бар экени да бизге белгилүү. Ошондуктан бир дагы талапкер провокацияга барбашы керек. Алар эки миң адам чыгарса, миллиондогон адамдар келип, аларды ордуна коюп коюушу толук мүмкүн. Бирок Кудай буюрса, биздин эл андай жосунсуз иштерге барбайт деп ойлойм. Дегеле мындан кийин ушундай иштерди токтотолу жана ага жол бербейли”, -деди.