Буюрса, келе жаткан 2021-жылдын 31-августунда Кыргызстан дүйнө жүзүнө эгемендүү өлкө катары жарыялангандыгынын 30 жылдыгын белгилейт. Демек, мындан 30 жыл мурда жарык дүйнөгө келген наристе 30га чыгып, үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болуп калды. Ал эми ал кезде 30 жаштагы жигит азыр ээгине сакал коюп, карылыкты моюнга алып, пайгамбар жашына жетип калды. Ооба, өлкөбүз өз алдынча түтүн булатып, эл аралык аренада өз желегин желбиретип, гимнин жаңыртып, демократиялуу мамлекет катары таанылды.

Тилекке каршы жогорудагы сырттан караганда жетишкендиктер менен катар ички турмушубузда да көптөгөн кемчилдиктер, каталыктар менен артка чегинүүлөр да болбой койбоду. Мисалы, Кумтөр баш болгон кен байлыктарыбызды эл аралык шылуун-аферисттерге ит бекер берип коюп, анын пайдасынын үчтөн бирин да колдоно албай келатабыз. Экономикабыз артка кетип, жок дегенде байпак чыгарганга жарабадык. Бир миллиондой ишке жарамдуу жаштарыбыз дүйнөнүн ар кайсы бурчунда көрбөгөн азапты көрүп, башкалар жасабаган оор жумуштарда иштеп, азап чегип жүрүшөт. Ал эми ошол мигранттардын акчасына бюджетти толтуруп, маяна алган бир ууч бюрократ-жетекчилер коррупцияга белчесинен батып калышкан.

 Бул жагынан же коррупция боюнча да Кыргызстан дүйнөгө таанылгандыгын тана албайбыз. Баса, 2005-жылы 24-мартта жана 2010-жылы 7-апрелде бала-чакасы менен элдик ыңкылаптын натыйжасында бири Москвага, экинчиси Минскиге качууга мажбур болгон мурдагы президенттерибиз өздөрү да коррупциянын анабашы экендигин да белгилеп коюшубуз керек. Башканы кой, азыр түрмөдө отурган дагы бир коррупционер мурдагы президентибиз А.Атамбаев өзү бул жагдайды моюнга алып, кайсы бир расмий жыйында чет элдик окумуштуу Кыргызстандагы коррупция тууралуу докторлук илимий иш жазгандыгын айтканы бар. Ал эми туңгуч президентибиз А.Акаевдин “Коррупция жетинчи кабатка жетти”, анын премьер-министри болгон Т. Чыңгышев “Кыргызстанда жалкоолор менен келесоолор гана уурдабайт”,- деген сөздөрү “учкул” фразага айланып кетпедиби.

Эгер медициналык термин менен атай турган болсок, коррупция коомду мите курттай каптаган же адамдын организмин рак илдетиндей курчаган өнөкөт ооруга айланып кеткен болчу. Башкача айтканда, бала бакчадан тартып, мектепке, жогорку окуу жайга өткөрүү, жайгаштыруу коррупциясыз мүмкүн болбой калган эле. Айыл өкмөтүнүн жашагандыгың болобу, өлгөндүгүң үчүнбү, алакандай сары тастыктама кагаз да акчасыз берилчү эмес.

Эмне үчүн эки президент куулуп, дагы экөөсү жаманатты болуп кеткендигине карабай, кийинки келген мамлекет башчыларыбыз ушул коомдогу терс көрүнүштү жоё алышкан жок?! Бул суроонун жообу жөнөкөй эле. Себеби, алар өздөрү, бала-чакасы, тууган-уруктары менен кошо кайра эле мурдагы “шакирттеринин” жолун жолдоп, коррупцияга белчесинен батып калышкан эле. Башкача айтканда, “Балык башынан сасып”, аларды көргөн министр, директор, ректор, аким, губернатор, айыл өкмөтү сыяктуу майда, чоң чиновниктер кокосунан коррупцияга малынып алышкан десек,коомубуздагы  бул өнөкөт оорууга туура диагноз койгон болобуз. Ал тургай өлкөдө тартип менен мыйзамдуулукту камсыз кылат деген Ички иштер министрлигинин, сот, прокуратуранын, кала берсе УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги жана Финансылык полициянын мурдагы жетекчилеринин азыр кармалып, башка учурун Кудай билет, 4-октябрдагы ыплас шайлоодо кайсы бир партиянын пайдасы үчүн кирешелүү мамлекеттик мекемелерден ири суммада акча талап кылгандыгы “Ишенген кожоң сууга акса, алды алдыңан тал карма”,- деген накыл сөздү эске салат.

Анткен менен үстүбүздөгү жылдын 4-октябрынан кийинки элдик толкундоолордон улам келген жаңы бийлик ушул жогоруда айтылган коомубуздагы мамлекетти жок болуп кетүүнүн чегине жеткирген терс көрүнүштү токтотуп, элдин үмүтүн актагандай болду.

Бул багытта өзгөчө Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевдин УКМКнын төрагалыгына дайындалышы убактылуу жаңы бийликтин эң туура кадамы болду десек болот. К.Ташиев мурда эле кыргыз элине мекенчил, чынчыл, иштин көзүн билген жана маселени заматта чече койгон кесипкөйлүгү менен таанымал болчу. Мисалы, мындан бир нече жыл мурда Чоң- Алай районунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен кышында 130га жакын үй-бүлө ай талаада калганда шашылыш түрдө аларга контейнерден үй жасатып, Бишкектен жеткиртип берген. Андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты катары ал кездеги бийликтин адилетсиз иштерин парламент трибунасынан кескин сынга алып, камалып кетсе да санаалаштары менен досторун таштап койгон жок. Ал эми Баткен аймагында кошуналар зомбулук көрсөткөндө өзү эч бир мамлекеттик кызматта иштебесе деле ыктыярдуу түрдө ал жакка барып, ыза көргөн жергиликтүү элге дем берип, духун көтөрүп турду.

К.Ташиевдин 2010-жылы Ошто экинчи ирет кайталанган улуттар аралык жаңжалды токтотуудагы аракети үчүн “Кыргыз эл баатыры” наамын берсе да болот. Анткени ошол үйлөр өрттөлүп, бейкүнөө адамдар өлтүрүлүп, жаатташкан кызуу кандуу жаштарды акыл-эске чакырып, ортого чыккан  эр жүрөктүүлүгү Чолпонбай Түлөбердиевдин көкүрөгүн дзотко тоскондой эрдигине барабар.

Камчыбек Кыдыршаевичти эл ушундай тайманбастыгы, чынчылдыгы үчүн “Чыңгызхан” деп да бекер кошумча ат койбосо керек. Бирок ошол эле учурда ак көңүл жана мээримдүү экендигин өзүнүн кайрымдуулук иштери менен далилдеп келатат. Мисалы, ал жеке бизнесинен тапкан байлыгын башка сасык байларга окшоп сандыкта катып жатып бербестен же океандын ары жагына которуп жибербестен, жыл сайын өзүнүн туулуп-өскөн кичи мекени Сузак районунда жүздөгөн апалардын башына ак элечек кийгизип, сыйлап, белек-бечкек берип келаткандыгы бул сөзүбүздү далилдеп турат.

Мындан тышкары жаштарыбыздын бош убактысын көңүлдүү жана пайдалуу өткөрүүсү үчүн да спорттук комплекстерди салып, алардын машыгуусуна бекер шарт түзүрп берген.

Ал эми УКМКнын төрагалыгына дайындалып, али өзүнүн креслосуна отура элек, жамаат менен тааныша элек жатып журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, бардык суроолорго жооп бергендиги да эл үчүн иштеймин деп келгендигинин далили болчу.

Ошол маалымат жыйынында К.Ташиев мындан ары уурулар, уюшкан кылмыштуу топтордун анабашылары мурдагыдай тайраңдай албай тургандыгын, ишкер-бизнесмендерди коркутуп акча өндүрө албастыгын ачык эле айтты. «Эч нерсесине карабай, баарын жазалайбыз. Камчыбек Көлбаев кысым кылып же мыйзам бузса жазага тартылат. Жазаланып гана эмес, камакка отургузулат. Бандиттер, силерге өтө кыска мөөнөт берилет! Силер же мыйзам боюнча жашагыла, же өзүңөр мыйзам негизинде камерага баргыла же биздин коомдон, мамлекеттен кетип калгыла. «Уурулар» эми эки-үч «Лексустун» коштоосунда кортеж болуп жүрбөйт! Бандиттер качып, жашына башташат. Биз ошондой кылабыз».

Анын эртеси күнү эле Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирген компания, фирмалар бул мекеменин жетекчилерине “кызматташкандыгы” үчүн ири суммада пара берип келаткандыгы аныкталып, бир нече фигуранттардын үстүнөн кылмыш иши козголду.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча да оюн ачык айткан. Эгер ал Кыргызстандын аймагында болсо кармалып, мыйзам чегинде жоопко тартыларын айтып, көп өтпөй, Р. Матраимов кармалды.

Ал эми айрым журналисттердин Матраимовго байланыштырган суроолоруна мындайча жооп кайтарды: «Аны менен эч кандай бизнес, саясий же партиялык байланышым болгон эмес жана болбойт дагы. Матраимов акыркы 5-6 жылда коомдо өтө чоң резонанс жараткан адам катары, аны, урматтуу журналисттер, көптөгөн коррупциялык иштерге байлап жүрөсүздөр, биз аны иликтейбиз. Эртең буйрук берем, Матраимовду таап, эгер кылган кылмышы болсо толук бойдон жоопко тартабыз. Эч кандай Матраимовдор, эч кандай Райымдар биздин коомду башкарбайт. Мындан ары коомубузду акыйкаттык болот. Эч кандай коррупционерлер коомубузда мындан ары жашабайт, биз аларды жашатпайбыз, мыйзам чегинде коомубуздан кууп жок кылабыз. Азырынча ал кишиге эч кандай кылмыш иши да жок экен. Бирок биз ал кишини кармап, журналисттер айткан иштерди текшерип, тиешеси болсо мыйзам чегинде жоопко тартабыз».

Ошентип арадан төрт күн өтпөй же 20-октябрда бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилди.

Бир чети ошол 6-октябрдын түнүдөгү башалмандыкта 2005 жана 2010-жылдардагыдай банктар, супермаркеттер жана байлардын үйлөрү менен банк кутучалары таланып-тонолбой калышына да К. Ташиев жана анын санаалаштарынын салымы чоң болду. Ал бул окуя тууралуу Москвадагы мигрант жердештерибиз менен жолугушууда кеңири айтып берген:

«Элдин жүрөгүндө көп жылдар бою топтолуп калган муң атылып чыкты. Муну бирөө уюштурган жок. Атайын бийликти оодаралы деген күчтөр деле болгон жок. Бүгүн Садыр Нуркожоевичтин бийликке келип отурганы – бул элдин каалоосу. Садыр ушуну жасайын деп аракет кылган эмес, күч топтогон деле жок, акча жумшаган жок. Муну эл каалады.

Ошондо болгон толкундоолордо талап-тоноо болгон жок, экономика чоң зыянга учураган жок. Тилекке каршы, бир жигитибиз каза болду. Бирок бул окуя биз Садыр Нуркожоевичти алып чыкканга чейин болду. Ооба, жүздөгөн мекендештерибиз жарадар болушту. Алардын арасында силерге окшош мекенчил уул-кыздарыбыз бар. Эми аларга Алла-Таала жардам берип, сакайып баратышат. Бирөөнүн абалы оор. Ал да сакайып кетет деген ойдобуз. Бийлик аларга бардык жардам көрсөтүп жатат. Дары-дармек, турмуш-тиричилиги жагынан каралашабыз. Алар 1-2 ай иштей албай калышат, балдарын болсо багыш керек. Аларды эч ким таштап койбойт.

Ушундай чоң тополоң болуп, бийлик алмашып, Ак үйдү жаштарыбыз алган маалда деле менин бир гана максатым болду. «Ушул Садырды түрмөдөн чыгарып алсак» деген элем. Эл Ак үйдү алып жатканда, биз Ак үйгө басып барган жокпуз. Бирөөнө да «тиги же бул жакка чурка» деп айткан жокпуз. Мен балдарды топтоп Садырга эки жолу бардым. Экинчи жолу барганда аны чыгарып алганга мүмкүнчүлүк болду. Садырды чыгарып алгандан кийин деле биз Садыр экөөбүз «ушул бийликке келе калалы, бийликти ала калалы» деп ойлогон эмеспиз. Аянтта адам көп, өкмөттөн эч ким жок. Элге сүйлөп коюп, анан бир аз дем алып, башка саясий күчтөр менен жолугуп, бир чечим кабыл алабызбы деп ойлодук. Анан Садырдын үйүнө бардык. Бирок ал жерде жарым саат да отура албадык. Ар кандай маалыматтар келе баштады.

Чогулган эл кароосуз калып кетти. Башкарган эч ким жок, баары качып кетти. Баягы бийликтегилер, алардын жанында жүргөндөр, саясатчылар, байлар бала-чакасын алып, өздөрү бекинип, баарын таштап качып кетип калышты. Мамлекетте эч ким калбай калды. Айла жок, аларды чогултканга аракет кылдык.

Бизге канча нерселерди айтышты! «Барабыз, бийлик мына биз болдук, баарыңар бизге баш ийесиңер деп жарыялайбыз, анан баштайбыз» дешти. Ошондо биз «жок, биз мыйзамдуу жол менен кетебиз, бизде мыйзамдарыбыз бар, Конституциябыз бар, ушул жол менен кетебиз» деп чуркап жүрүп ошол күнү кечинде 63 депутатты чогултуп, премьер-министрди шайладык.

Туура, анча-мынча ызы-чуу болуп жаткан маалда каталар кетет экен. Процедуралык ыкмалардан кетти, дагы башкасы. Бирок эми баары оор кырдаалда болду да. Бирок, бизден башка бир дагы саясий күч ушул депутаттарды чогултуп, мыйзамдуу жол менен кетебиз деп айткан жок. Баары чогулуп алып, бир жагынан бир Координациялык кеңеш түзүп, экинчи жагынан экинчисин түзүп, «мына, биз чечим кабыл алабыз, бийлик бизде» дешти. Ошол маалда Садыр экөөбүз «жок, мыйзам жолунда аракет кылабыз» деп, «Достук» мейманканасында 63 депутатты чогултуп, 61 депутаттын колдоосу менен Садыр Нуркожоевичти премьер-министр кылып шайладык. Ошондо да артыбыздан 3-4 миң адамды салышып, ошолор келип «басып алабыз, өткөрбөйбүз» деп, ушунчалык чоң ызы-чуу менен кылдын учунда жүрүп шайладык.

Мен атайын бир жол даярдап койдум эле. Шайлагандан кийин эле ошол жол менен Садырды чатырга алып чыгып, башка имараттан чыгарып, өзүн жалгыз машина менен алып кеттик. Жанагылар кийин кирип алып бүт издешти. «Достук» мейманканасынын ар бир номурунан издеп чыгышты. «Табабыз, ушул жерден жок кылабыз» деп, ушундай аракет кылышты. Биз «бизди шайлады» деген документ деле алган жокпуз. Протокол деле албадык. Кол көтөрүп шайладык, анан таркап кеттик.

Ушундай оор күндөр болду. Бирок мамлекетте бир чечим кабыл ала турган точканы биз кандай болгон күндө да камсыз кылдык. Премьер-министр бар. Кийин анан бардык саясий күчтөр, саясатчылар бир тарапка өтүп алышты, биз - Садыр экөөбүз эле бир тарапта калдык. Аттарын ачык атап берейин: Мадумаров, Бабанов, Текебаев, Сариев, Атамбаев... Ошондо да Садыр экөөбүз эле болдук. Ошондо да алар «чечимди биз кабыл алабыз» дешти. Анысына карабай биз депутаттарды топтоп, экинчи жолу да шайлоодон өттүк. Ошону да «бул туура эмес» деп, ага да каршы чыгышты. Бирок, туугандар, биздин эң башкы күчүбүз элде болду. Эл биз тарапта болду. Бизди канчалык жамандап, бизге канчалык каршы чыгышса да, алар чогулткан адамдар биз тарапка өтүп кетти. Ошол маалда биринчи күнү качып кеткен бийлик кайра келди. Резиденцияга отурду. Чечимдерди кабыл ала баштады».

К.Ташиев ушул жумада тогуз жаштагы окуучу кыздын видео кайрылуусунда айтылган маалыматтарды текшерүүнү да колго алды. Төрага ошондой эле кыздын үй-бүлөсүндөгү материалдык абалды да текшерүүнү тапшырган.

Анда Кемин районунун тогуз жаштагы тургуну, окуучу кыз УКМКнын төрагасына видео аркылуу кайрылып, апасы мектепте иштей турганын, пандемия учурунда үйүндө ун калбай калганын, апасы мектеп жетекчилигинен акча сураса, аны шылдыңдап, нес кылганын айткан экен.

Эгер К.Ташиевдин УКМКнын төрагалыгына дайындалган 16-октябрдан берки кыска аралыкта анын жетекчилиги менен өлкөбүздөгү коррупцияны ооздуктоо, уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан иштерди санай берсек, узун тизме түзүлөт. Эң негизгиси ал 30 жылдан бери коомубузду рак илдетиндей тушап келаткан бул көрүнүштү токтотуп, карапайым калктын тилегин аткарууда...

А. Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити