«Борбордук Азия Барометр» ѳкмѳттүк эмес уюму Кыргызстандагы акыбалды, элдин маанайын билүү максатында атайын сурамжылоо жүргүздү. Анын жыйынтыгына  ылайык, суралгандардын 40 %ы ѳлкѳнү саясий туруксуздук артка тартып, экономикалык жактан ѳнүгүүгѳ жолтоо болуп жатканын белгилешкен.

Мындан сырткары, 27 пайызы экономикалык кризисти, 25 пайызы жумушсуздукту, 21 пайызы инфляцияны башкы  кѳйгѳй катары эсептей турганын айтышкан. Алдыдагы саясий окуяларга байланыштуу суроолор да берилип, суралгандардын 76 пайызы Баш мыйзамга ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү боюнча референдумду колдой турганын билдиришкен. Башкаруунун кайсы формасына артыкчылык берүү боюнча суроого 86 пайызы президенттикти жактай турганын, 14 пайызы парламенттикти колдой тургандыктарын билдиришкен.

Бул эмнеден кабар берет? Демек, алдыдагы референдумда шайлоочулардын кѳпчүлүгү күчтүү  президенттик бийликти колдошо турганын билдиреби?

 

Булак: “Майдан. kg” гезити