"Баланча талапкерге ат мингизишти". Эми, ушул ырымды ар кандай баамдагандар көбөйдү. Керек болсо бул Шайлоо мыйзамын бузуу дегендер да четтен чыгып жатышат!
Туугандар, бул кыргыздын ырымы! Марага биринчи болуп жет деген тилеги! Колуңдан бийлик кетпесин, жеңишке жет деген каалоо!
Башка эч нерсе жок бул салтыбызда! Ошол үчүн бөйрөктөн шыйрак чыгарбасак деген ой...
" Мен дүйнөгө кыргыз болуп келгемин, Кыргыз болуп кетемин" деген улуу сөз ушул жерге аябай төп келет, негизи... Ат, жылкы, күлүк кыргыз үчүн ар дайым өзгөчө мааниге ээ болуп келген! Ат жигиттин канаты, жан шериги, ийгиликке алып баруучу жан -жоокери катары сыпатталып келген!
Такыр эле манкурт болбойлу, туугандар! Ошол сыяктуу эле мааниге ээ болуп келген башка ырым, салттарыбыз бар, мисалы чепкен жапмай, калпак кийгизмей... Бул сыйдын, урматтын белгиси...Биз кыргызбыз! Ушундай ырым жырымдарыбыз, тилибиз, маданиятыбыз менен кыргызбыз! Ал нерселер 21 кылымда да сакталып, өркүндөп, өсүп келатканына тескерисинче сыймыктанышыбыз керек! Мындан ары да сыйлаган адамдарыбызга чепкен кийгизип, калпак тартуулап, ат мингизели, туугандар! Бул артка кеткендик эмес, бул " мыркизм" эмес, бул Улуттук Асылнарк, Дөөлөт, Баалулук! Бул материалдык, финансылык, каражаттык нерсе эмес! Бул руханий Салт! Руханий Асылдуулук!
Алмазбек Акматалиев, саясат талдоочу