Учурда Президенттикке талапкерлер өздөрүнүн программалары менен элди тааныштырууга кызуу киришип, Президент болуп шайланып калышса эмне иш кылышаарын жарнамалап жүргөн кездери. Бул эми шайлоо үгүтү мезгилиндеги болуучу кадимки табигий процесс. Мени таңданттканы президенттикке 18 талапкер чыкканы деле эмес. С.Жапаровдон башка 17 талапкер өз программаларынын мыкты жана башкалардан өзгөчө жактарын айтуу менен шайлоочулардын көңүлүн буруп, өздөрүнө тартууга басым коюшпай тескерисинче, Садыр Жапаров жөнүндө ар кандай көбүнчө жамандаган ой айтууга басым коюшканы болууда. Шайлоо мезгилинде талапкерлердин бири-бирине карата кара жарнамасы, укмуштай ушактардан бери ойлоп чыгышып, жокту бардай таратмайы буга чейинки шайлоолордо деле болуп келген. Аны эл деле түшүнүп калды. Азыр тээ шайлоолор жаңы башталган жылдардагыдай ар кандай ушакка ишенип уу-чуу түшүп калышпайт. Шайлоо бүткөндөн кийин андай ушактардын изи да калбай жок болоорун билишет. Буга чейинки шайлоолордо баары биригип бир талапкерге кана асылбай улам астыга жутунганы менен чабышып аламан байгеде чуркап келаткан аттар биринен-бири ашканда астын торогондой аракет кылышчуу эле. Бул жолу болсо 17 талапкердин ар бири, ага каршы жалгыз С.Жапаровдой аракет кылышууда. С.Жапаров гана башка талапкерлер менен иши болбой өзүнүн келечек программаларын элге жеткирүү аракетинде. Башка талапкерлер тууралуу эл арасынан суроо түшүп калса баарын шатыратып эле мактап салып жатат.

Бүгүнкү техниканын өсүп өнгөн заманында шайлоочуларга жетүү бир канча жеңилдегенин ушул шайлоодо өзгөчө байкоодобуз. Демек күчтүү программасы бар талапкерлер шайлоочуларды өздөрүнө тартуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири. Бирок алар убактыларын жана энергияларын туура пайдаланбай бир эле каршылашын жамандап ушул аракеттери менен электоратты ирээнжитип коюп жатышкансыйт. Үгүт иши өзгөчө акыркы он күндүктө күчөйт. Ошондо элди бөлүп жарган ушактарга чейинки эң төмөнкү денгээлге түшпөй мамлекеттин, элдин кызыкчылыгындагы ойду айткандан тайбоону ар бир талапкерге каалайт элем.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу