- Конституциянын долбоорун кабыл алуу зарылдыгы барбы?
 

-Конституциянын долбоору боюнча конституциялык кеңешме түзүлгөн. Конституциялык кеңешме бүгүнкү күндө 3 секцияга бөлүнүп алып, жигердүү иштеп жатат. Маселе бул жерде эмнеге коомдук талкуу кайчылаш пикирлерди жаратып жаткандыгынын себеби, ал жерде бүгүнкү күндө бизге сунушталган долбоор келечекте мамлекетибизди Президенттик башкаруу системасын бекиткенди, ошого жараша бийлик органдарын мыйзам чыгаруу, өкмөт, сот бийлиги алардын карым-катнаштары – мына ошолор боюнча түзүлгөн экен. Өзүңүздөргө белгилүү биз жашап жаткан, бүгүнкү күндөгү аракеттеги Конституциябыз парламенттик демократия жаатында, парламенттик башкарууну бекиткен. Бирок ушул акыркы 10 жылдык биздин тажрыйбабыз, бүгүнкү күндө биз парламенттик башкарууга эртерээк өтүп алганыбызды көрсөтүп, анан парламенттик демократия жакшы орун албай жатканына биздин өзүбүздүн, биздин саясатчылардын каалоосу эле эмес, турмуштун өзүнүн дагы мыйзамдары, коомдук, социалдык, экономикалык шарттардын бардыгы парламенттик демократияга да даяр болушу керек экендигин көрсөттү.  Ошол үчүн бүгүнкү күндөгү негизги кайчы пикир - парламенттик башкарууну жактаган тарап менен Президенттик башкарууну жактаган тараптын ортосунда болуп, эки пикир пайда болуп атат. Өзүңүздөр билесиздер бул маселе кокустан жаралган жери жок, өткөндөгү парламенттик шайлоолордун жыйынтыгында тополоң чыккан. Ал жердеги негизги себеп эмне, эмнеге мындай тополоңго алып келди? Бул жерде бийликтин жоопкерсиздиги болгон. Ошондуктан  бүгүнкү күндөгү коомубуздун, элдин жоопкерчиликтүү бийлик болсун деген талабы - биринчи маселе. Экинчи жагынан алганда мамлекетте саясий туруктуулук болуш керек. Саясий туруктуулук болуш үчүн  мамлекеттик органдар, алардын өз ара карым-катнашы - бардыгы Конституцияда ушундай бир чектер менен аныкталып, келечекте бири бирин тең салмакта кармап туруу механизмдери болуш керек. Акыркы 10 жылда Өкмөт 10 жолу алмашты, Өкмөт алмашкандан кийин мамлекетке канча зыян келип жатат? Туруксуздук бардык жерде болуп, мамлекеттин өнүгүп-өсүп кетүүсүнө шарт жок, мамлекет кайра кайра артка кетип жатат. Ошондуктан бүгүнкү күндө парламенттик демократиябыздын аксап аткандыгы, туруксуздукка алып келгендиги ушул. Бирок бул жерде белгилеп кете турган эң негизги маселе, мен өзүм парламентаризм боюнча адис катары айтышым керек, парламенттик демократия жашап кетиши үчүн сөзсүз түрдө өнүккөн партиялык система болушу керек. Ошол өнүккөн партиялык система элди мобилизация кылып, анан эл арасындагы ошол саясий көз караштарды калыптандырып, ошолордун негизинде  тиешелүү программалар түзүлүп, анан мамлекетти алдыга алып чыгып кетүү жолдору аныкталуусу керек. Бирок бүгүнкү күндө биздин тажрыйбабызда 226 саясий партия юстиция министрлигинде катталганы менен саясий партиялык системабыз система катары өнүгө элек. Бул жерде Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрү деле “биздин саясий партиялар бул кызыкчылыктардын клубу эле болуп калды” деп айтып жатат. Ошондуктан партиялык система керек, парламенттик демократия Кыргызстанга керек, бирок бул эртеңки келечектеги маселе экендигин көрсөттү. Ал эми бүгүнкү күндө бизге ушундай кыска убакытта бийлик органдарын, жарандык коомду, саясий күчтөрдү - баарын мобилизация кылып, мамлекеттин алдындагы социалдык, экономикалык маселелерди тез арада чечип, мамлекетти тез арада алдыга алып чыгып кете турган жоопкерчиликтүү бийлик керек болуп жатат. 

- Мамлекетти башкаруунун формасын реформалоо зарылбы? 
- Бүгүнкү күндө мамлекеттик тажрыйбабыз, коомдук практикабыз  ошону көрсөтүп жатат да. Бүгүнкү күндө биз бийликтин ушул өлкө үчүн, коом үчүн, эл үчүн иштей турган оптималдуу моделин таба албай жатабыз.  Ошондуктан бүгүнкү күндө Кыргызстан өткөөл мезгилде жашап жатабыз. Саясий партияларыбыздын, жалпы партиялык системаларыбыздын калыптана электиги, коомубуздун ошол парламенттик демократияны кабыл алып, анан ошону менен жашаганга жоопкерчиликти ала албагандыгы, мамлекеттик бийлик органдарыбыздын бүгүнкү күндө жоопкерчиликти өзүнө алып, элге жоопкерчиликтүү кызмат кылууга даяр болбогундугу - баары чогулуп келип жоопкерчиликтүү бийлик системасын түзгөнгө түртүп жатат. Ушундай өңүттөн алганда президенттик башкаруу бүгүн керек. Президент Өкмөттү дайындап, анын ишине жетекчилик кылуу менен бирге ошол Өкмөт үчү дагы, өзүнүн ишмердүүлүгү үчүн дагы жоопкерчиликти алуусу керек. Мамлекетте бир адам жооп бериши керек. Маселенин баары ушуга келип такалып жатат. Жоопкерчиликтин жоктугунан кечээки октябрдагы окуяларга Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Президент, саясий партиялар жооп берген жок. Ким жооп берет? Саясий партиялар жооп берген жок? Эл жооп береби, оордукту, мүшкүлдү эл эле тартып калып жатпайбы? 

Президенттик же президенттик-парламенттик башкаруу системасын түзгөн учурда дагы жоопкерчиликти бирөө ала турган модель түзүшүбүз керек. 

- Референдум менен Президенттик шайлоонун бир күндө өткөнү туурабы? 
 

- Идеялдуу формасын айта турган болсок, президенттик шайлоону өзүнчө, референдумду өзүнчө өткөрсөк болот эле. Бирок биз бир нерсени мойнубузга алышыбыз керек. Бир жагынан коронавирус пандемиясынын артынан бүгүнкү күндө өзгөчө кырдаалда жашап жатабыз. Экинчи жагынан кечээ жакында болуп өткөн парламенттик башкаруу, парламенттик шайлоо, анын артынан ушундай тополоңдор чыгып, анын жыйынтыктарына эл нааразы болуп, бийлик алмашып кетти. Бүгүнкү күндө тез убакта мамлекетти укуктук жолго салып, президенттик, парламенттик шайлоону да өткөрүп, парламенттик шайлоону да өткөрүп, мамлекеттик бийлик системасы - баары укуктук талаада иштеп калышы керек. Ошондуктан шайлоону өз-өзүнчө өткөргөнгө убакыт жок болуп жатат. Себеби азыркы Конституция менен шайлоону өткөрө турган болсок, кайра эле эртең тополоңдорго алып келбейт деп эч ким кепилдик бере албай жатпайбы. Ошондуктан шайлоо системасын өзгөртөлү, элге, мамлекетке туура келген формасын табалы деген ниет менен конституциялык реформа жүрүп жатпайбы. Андыктан эки чоң саясий иш-чараны чогуу өткөрүүгө мажбурбуз. 

- Эски Конституциядан жаңы Конституциянын айырмачылыктары жана артыкчылыктары? 
 

- Идеалдуу Конституцияны түзүүнүн өзү идеалдуу көрүнүш. Конституция деген негизги мыйзам. Мыйзам катары ал коомдук мамилелерди жөнгө салат. Коомдук мамилелер саат сайын, күн сайын өзгөрүп турат. Демек, мыйзамдардын, Конституциянын өзгөрүүгө дуушар болушу объективдүү көрүнүш. Албетте, 2010-жылдагы Конституцияда кемчиликтер, бири-бирине карама-каршы келген принциптер, ченемдер бар. Ал жөнүндө биз буга чейин айтып да, жазып да келдик. Маселе ал бүгүнкү күндө канчалык сапаттуу Конституция болчу, азыркы сунушталып жаткан Конституциянын долбоорунун сапаты кандай деп салыштыруунун өзү предметсиз талаш болот. Бүгүнкү күндө кыргыз коомунда, өлкөдө ушундай шарт түзүлдү. Мамлекетке керектүү башкаруу системасын түзөлү, жоопкерчиликтүү, мыйзамдуу бийлик институттарын түзөлү, бийлик чынында эле эл үчүн кызмат кылсын, жоокерчилик алсын деген маселелер коюлуп жатат. Ошол маселелерди талкуулап, оптималдуу жолдорун табуу үчүн мына бардыгыбызга шарт түзүлдү. Ошондуктан бүгүн мен парламенттик башкарууну жактырам, мен президенттик башкарууну жактырам дебей, мамлекетибизди өнүктүрүп кете турган жоопкерчиликтүү бийлик системасын жактырам деген маселени койсок туура болгудай.

-  Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин кандай өзгөчөлүктөр болот? 
 

- Бул жерде элдик көзөмөл институтун күчөтүү негизги маселелердин бири болуп калды. Ошондуктан бул Конституциянын долбооруна да киргизилген экен. Конституциялык кеңешмеде дагы Элдик курултай институтун жактаган мүчөлөрүбүз бар. Бүгүнкү күндө бир тараптуу, бир өңчөй ымалага келе элекпиз. Кээ бирлери Элдик курултай институту өзүнчө мамлекеттик органдардын баарын текшере турган орган болушу керек деп айтып жатат. Анын алдында Президент, Өкмөт, Жогорку Кеңеш жыл сайын өздөрүнүн отчетторун берип турушу керек. Керек болсо ким начар иштей турган болсо Курултайдын чечими менен алар кызматтан кетиши керек дегенге чейин сунуштар болуп жатат. Ал эми экинчи тарап болсо бул коомдук орган, коомдук түзүм катары өзүнчө калышы керек деп жатышат. Себеби Президент, парламент, Өкмөт деген дүйнө жүзүндө калыптанган институттар. Дүйнө жүзүндө мамлекеттердин дээрлик көпчүлүгү бийликти бөлүштүрүү системасы менен бийликти түзүшөт. Мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийлиги өз-өзүнчө. Ушулар баары биригип келип туруп бийлик институттарын түзөт. Бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары так бөлүнүнүшү керек. Мыйзам чыгаруу бийлиги мыйзамдарды чыгарып, ошол мыйзамдарды аткарылышын көзөмөлдөө, элдин атынан өкүлчүлүк функциясын аткаруу. Эгер мыйзамдар бузулса, аны сот бийлиги карап кайра ордуна коюп, ушундай бөлүштүрүлөт. Себеби мунун баары бийлик бир колго топтолуп калбасын деген максатта жүргүзүлөт. Дүйнөлүк практикадай эле биздин бийлик институттарыбыз калыптанып калган. Буга Элдик курултайды алып келип кошконубузда  өзүнчө коомдук түзүм катары кошуп, ага жыл сайын Президент болобу, Жогорку Кеңештин Төрагасы болобу же Өкмөт башчысы болобу жыл сайын чыгып отчет же маалымат бериши мунун мыйзамга жана Конституцияга эч кандай каршы келе турган жери жок. 

- Бир мандаттуу система киргизүү керекпи же партиялык системанын калганы туурабы? 
 

- Албетте, демократиялык өңүттөн алганда, парламенттик демократия деп атабыз, саясий партиялардын шайлоого катышып, бийлик түзүүгө катышып, ошол бийликтин жоопкерчилиги, элдин ой- мүдөөсү - ошолорду ишке ашырууда саясий партиялардын активдүү роль ойношу - бул туура нерсе.  Бирок маселе бүгүнкү күндө партияларыбыз өзү, партиялык система жалпысынан калыптанып жогорку бир дэңгээлге жете албагындыгы  болуп жатат. Экинчи жагынын шайлоо партиялык тизме менен барган учурда бизде бир негативдүү система калыптанып калды.  Бүгүнкү күндө жарандарыбыз жеке жаран катары каалаган адамын  депутат кылып шайлай албайт  ошол эле учурда өзү да шайлана албайт. Ал сөзсүз саясий партияларга барып, алардын тизмесине кирип, алар аркылуу шайланып келиши керек. Ошондуктан шайлоодо биз добушубузда жарандарга эмес, партияларга берип жатабыз. Анан мандаттар партияларга бөлүнүп калып жатат, партиялар өзүнүн тизмесиндеги адамдарга  мандат бөлүштүрөт. Мунун баары мыйзамдуу жолго салынган, бирок ошонун өзү биз туура эмес жолго түшүп калганыбызды көрсөтүп жатат. Ушул жерден маселе чыгып, Жогорку Кеңештин депутаттарын жарымын же кандайдыр бир бөлүгүн ушул партиялык система боюнча шайлоо калыптанып баратат, муну жоготпойлу, калсын, өнүктүрө берели. Ошол эле маалда кайсы бир бөлүгүн же жарымын бир мандаттуу округдар боюнча  шайлайлы. Ошол жерден чыныгы элдин арасынан чыккан лидерлер келсин. Алар элдин көйгөйүн билет, элдин маселелерин чечет, элге күйүп бышкан адамдар келсин деген маселе чыгып жатат. Бул парламенттин курамдык сапатын жакшыртууну бир жолу.  Ошондо күчтүү адамдар  келсе парламент дагы күчтүү болот. Биз канчалык күчтүү Президент алып келген күнү дагы ал ошол Президентке тең салмактуулукту кармап тура турган  бул дүйнөлүк практикада бийлик системасында бул парламент гана. Себеби парламент дагы бүткүл эл тарабынан шайланып келет, Президент дагы эл тарабынан шайланып келет, экөөнүн мандаты бир. Президентти күчтүү кылсак, парламентти дагы күчтүү кылыш керек. Ошондо экөө тең тең салмакта боло турган болсо бийликте да тең салмактуулук болот жана жалпысынан алардын карым-катнашы, башка мамлекеттик органдарга болгон таасирлери дагы бирдей болот.