«Ар бир жетекчи кайсы бир артыкчылыктары менен айырмаланат. Сооронбай Жээнбековду «атамбаевщина» жана анын кесепеттери менен күрөшкөнү үчүн сыйлайм, бирок акырына жеткирүүгө убактысы жетпей калды. «Атамбаевщина» А.Акаевдин бийлиги убагында түзүлүп, дярдалган жана ар бир президент ага кол койду. «Атамбаевщина» өлкө дегредациясынын чокусу болду! С.Жээнбековдун  аны жана анын ууру тобун түрмөгө отургузганын сыйлоого болот. Бийликтен да чыныгы эркек катары ызы-чуу салып, истерика кылбай тынч кетти», - деди саясат талдоочу Зайнидин Курманов.