Коомдук ишмер Тойгонбек Калматов Кыргызстанга кайсы башкаруу формасы ылайыктуу болоорун мындайча чечмеледи:

-Менимче, биздин коомубузда бул орчундуу суроого айланды, ошол эле убакта элдин басымдуу бөлүгүнүн бул суроого жообу даяр. Себеби, он жылдан бери өсүп-өнбөй жатканыбызга, алдыбызга коюлган максаттарга жете албай жатканыбызга эмне тоскоол болуп жатканы дайын болду. Элдин жоопкерчиликсиз бийликке нааразычылыгы жаралды. Ошондон улам президенттик башкарууга кайра кайтууну эл өзү демилгелеп жатат. Алдыдагы референдумда үч маселе коюлат: президенттик, парламенттик башкаруу жана «баарына каршы». Эгер «баарына каршыны» тандагандар көп болсо, анда азыркы Конституция боюнча президенттик-парламенттик башкаруу калат.