Чек ара чыры эң чоң көйгөйлөрдүн бири болуп келет. Акыркы отуз жылдын ичинде беш президент, жыйырма өкмөт алмашты. Бирок бирөөсү да чек араны чече албады. Алтургай шайлоо учурунда саясый партиялар чек ара маселесин программаларына киргизип, кыйратабыз деп кыйкырып жүрүштү. Бирок парламентке келип, депутаттык жумшак креслого отурган соң, айтылган убадалар айтылган жерде кала берди. Убадалардан жалкып калган элдин чиновниктерге болгон ишеними такыр өчкөн эле. Ал Эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дароо ушул маселени колго алып, кечээ мамлекеттик чек араны делимитация, демаркациялоо боюнча Өзбекстандан келген делегаттар менен жолукту. Буйруса көп жылдан бери тоңуп турган муз ээрип, чек ара маселеси чечилип жатат. Делегаттар эки элдин ынтымагын эске алып бир топ көйгөйлөрдү карап чыгышты. Мындай аракеттер албетте, Камчыбек Ташиевдин "калган өмүрүмдү элиме арнайм" деп айткан сөзүн айгинелеп жатат. Камчыбек Кыдыршаевич ушул багытынан бурулбай, кылчактабай иштесе, мамлекеттин ички маселесин гана чечпестен, мына ушундай эл аралык маселелерди чечип, Кыргызстандын багытын өнүгүүгө бурат деп ишенебиз. Эми Тажикстан өлкөсү менен болгон чек араны тактап, эл көйгөйүн чечип берсе, элдин Ташиевге болгон ишеними мындан да артат. Андыктан, Камчыбек мырза, алга. Кыргыздын "Сиздей бычакка сап" уулдарында элдин үмүтү чоң.
- Категория: Саясат
- Просмотров: 208