Бизде, Кыргызстанда, мурдагы президенттердин трагедиясы бир туугандары менен жакындары болгондугу жашыруун эмес. Дал ошолордун ачкөздүгү жана кызматтык этика, уят, сыйытты сактабагандыгынан улам эки президентибиз сыртка качып, акыркысы мөөнөтүнүн жарымына жеткенде тактан кулап, үчүнчү жолу революция болгон.

Ал эми азыркы учурда президенттик жарышка аттанган талапкерлердин бири Садыр Жапаровдун бир тууган иниси Орозбек Жапаров бүгүн: “Биз, бир туугандары, агамдын саясый ишмердүүлүгүнө аралашпайбыз деп сөз бердик”,- деген билдирүү таратты.
Коомчулук анын мындай билдирүүсүн колдоого алууда. Бирок мурдагы президенттердин бир туугандары эч качан мындай убада беришкен эмес. Болгондо да Садыр Жапаровдун бир туугандары эч кимдин көрсөтмөсү же суранычы жок эле өз демилгеси менен мындай билдирүү жасашы башка да талапкерлер үчүн үлгү болуп, келечектеги шайлоордо да жакшы жөрөлгөгө айланууга тийиш.