Ачыгын айталы, «Азаттык» радиосу  акыркы жылдары бир тараптуу болуп, бийликти жамандоо, каралоо менен алектенип калды. Ал үчүн «журналисттик иликтөө»  дегенди бетке кармашып, такталбаган, чындыкка коошпогон маалымат, фактыларды берип, «өрдөктөрдү» учура башташты. Бирок бир фактыны таап, ага окшошсо, окшошпосо да экинчи фактыны жармаштырып, «иликтѳѳнүн жыйынтыгы» деп айта беришсе, мурдатан ишеним артып келген көпчүлүк ишене беришет тура. «Азаттыктагылар» дал ушул көпчүлүктүн ишенгендиктеринен пайдаланышып, маалыматтарды бурмалап, калпты чындай койгулап, айтор өздөрүнүн маалыматтык саясатын жүгүзүп атышан кездери.

«Азаттык» бул жолку иликтөөсүндө  Раимбек Матраимов менен ЖК төрагасы, президенттин м.а. аткаруучу Талант Мамытовдун көмүскө достугун «таап» чыгышты. Иликтөөчүлөрдүн айткандарына ишенсек, Раимбек Матраимовдун кайын иниси Тынчтык Сулайманов Талант Мамытовдун консультанты болуп иштеп, Раимбек Матраимов 700 млн. доллар боюнча түзүлгөн комиссиянын ишине дал ушул консультанты аркылуу таасир этип турган имиш. Ошол эле мезгилде «Азаттыктын» мындай калпын президенттин милдетин аткаруучунун маалымат катчысы Галина Байтерек жокко чыгарып, аталган консультант Тынчтык Сулайманов Р. Матраимовдун чуулуу иши башталганга чейин эле жумуштан кеткенин билдирди. Көрүнүп тургандай, «Азаттык» мурдагы фактыны жаңы факт таризинде берүү менен маалыматты өздөрүнүн пайдасына бурмалашкан.

Мындан ары «Азаттык» радиосу ушуга окшогон иликтөөлөрүн берип, «өрдөктөрүн» учурса, ага таң калбайлы. Анткени, АКШнын финансы министрлиги Раим Матраимов менен жубайын «Магнит актысынын» тизмесине киргизди. Эми «Азаттык» радиосу  «бөрк ал десе баш алыптыр» дегендей,  бул жааттагы «чыгармачылыктарын» эселеп күчөтөрүн бөркүбүздөй көрөлү. АКШнын Мамдепартаменти тарабынан каржыланган «Азаттык» үчүн бул орусча айтканда, «дело чести».

Булак: “Майдан. kg” гезити