Байыркы замандардан бери түгөнөт десе кайра түтөп, жоголот десе кайра күчөп, нечен жолу Улуу Каганаттарды түзүп, эчендеген өз мезгилинин Барсбек, Манас сыяктуу эр азамат кагандарын жараткан, кутмандуу жоокер мүнөз - кыргыз калкым!

КӨПТӨН КҮТКӨН КҮН КЕЛДИ! Бул күн  үчүн  сен 30 жылда үч жолу көтөрүлдүң, үч жолу хан ордосу Ак үйдү алдың, өзүн хан сезишкен үч президентти тактысынан кулаттың!  Эми алданба! Кайдыгерлик кылба!

Жеңиштин  аягына чейин бекем тур! Кел-келибизди аныктоочу, баштоочу күн бул -2021- жыл, 10- январь! Бул күнү сен  убактылуу келип кетчү кезектеги президентти эле шайлабайсың, бул күнү сен өз келечегиңди, мамлекетиңдин кандай болушун өзүң тандайсың! Сен аныктаган, тандаган бийликке  өзүң  шайлаган президенттер,  депутаттар, өкмөт келет.  Алар сен  аныктаган тартипте, мөөнөттөрдө жалпы эл үчүн эмгек кылып,  элге жыл сайын  элдик курултай аркылуу отчет берип, убактысы менен алмашып  турат.  АДАМЗАТТЫН ТАРЫХЫНДА МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК СИСТЕМАСЫН ӨЗҮ АНЫКТАП, ӨЗҮ ТАНДАГАН БИРИНЧИ ЭЛ БОЛУП ЖАТКАНЫҢДЫ УНУТПА! МУНУ ЖОН ТЕРИҢ МЕНЕН СЕЗГИН, КЫРГЫЗЫМ!

Мындай тарыхый жоопкерчиликти сага, сенин жоокер мүнөз, эркиндикти сүйгөн эл экендигиңди 30 жыл ичинде өздөрүн хан, пайгамбар сезип калышкан президенттердин  жеке үй- бүлөлүк, кландык, партиялык-мафиялык режимдерине каршы тике, туруктуу турган эрдигиңди билген, урматтаган жана баалаган,  ага таазим кылган азыркы бийлик ээлери ЖАПАРОВ-ТАШИЕВ-МАМЫТОВ ҮЧИЛТИГИ БЕРДИ! Мындай чечимге алар жеңил- желпи келген жок! Жапаровду мурдагы президенттердин жолуна түшүрүүгө ичтен да, сырттан да катуу аракеттер болду жана ал уланууда.  «Бардык бийлик өз колуңузда, эл эмнени түшүнөт эле, эми сиз каалагандай Конституцияны жаза коелу да, референдум аркылуу элге жамынып алдыртып салабыз...»,- дешкен “ляппайчылар” менен  ар дайым өз кызыкчылыгы үчүн шайтан менен болсо да убактылуу кызматташа коюуну кесип кылып алышкандар:  «... биз сизди колдоп беребиз, бардык бийликти ала бериңиз, болгону Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялык тизме менен шайлатууну бузбасаңыз, курултай деген эски түшүнүк, аны эмне кыласыз...», -дешип  Конституциянын долбоорун тар чөйрөдө даярдашып,   Садырга  кызмат да кылышты, айткан кадрларын каршылык кылбай шайлап да беришти,  шантаж кылып, коркутуп да көрүштү, Жапаров-Ташиев-Мамытов үчилтикти бузууга да аракеттер болуп жатат. Бирок Садыр алданбады, аны Кудай туура жолдон адаштырбады, «элге кандай бийлик керектигин, эл өзү чечсин», - деп он жылдар бою мурдагы президенттер кылбай келген маселени референдумга чыгарып, чыныгы демократ экенин көрсөттү.  Ошентип,  Акаевдин заманынан бери  демократия терисин жамынып жүргөндөрдүн бет пардасын ачып койду. Ушул кадамдары үчүн эле  Садыр Жапаровду президенттикке татыктуу десек болот. Ал өлкөнүн саясый системасын аныктоодо  жаңы  тарыхый жолго түштү. Бул ал жасай турган реформалардын компромисстик гана башталышы!

Эми мамлекетибиздин саясый системасын чечүү бир гана өзүбүздүн колубузда. Тандообузда эки жол бар: мамлекетти башкаруунун президенттик түрү жана парламенттик башкаруу. Бул башкаруунун эки түрүн тең  эгемен доорунда кыргыз эли көргөн жок. Айрым элементтери гана  ар кайсы Конституцияларда кагаз түрүндө  жашап келди. Биз 30 жыл  бою мыйзамсыз жеке президенттик башкаруунун:  кээде үй-бүлөлүк, кээде криминалдык-кландык, акыркы мезгилдерде үй- бүлөлүк, жеке партиялык-мафиялык башкаруу түрлөрүндө жашап келдик. Дүйнө жүзүндө башкаруунун  кайсы гана түрү болбосун  оң натыйжа берген өлкөлөр абдан көп. Кеп башкаруунун түрүндө эмес, кеп башкаруунун кайсы түрү  кайсы элдин менталитетине,  жашоо- мүнөзүнө, экономикасына, социалдык- маданий, руханий дүйнөсүнө, каада-салт,  динине, географиялык абалына туура келгендигинде жатат. Өз элинин «ата-түркү,»,  «малай-башы», «түркмөн- башы»,  «эл-башы», «отцы-основателдери»,  «эл- атасы» ж.б. элдик наамдарга ээ болгондор, өз элинин кызыкчылыгында өз мамлекетин курууда, өнүктүрүүдө  туура жолду аныктап, адашпагандар болушкан. Алар үчүн кайсы бир улуу державанын, элдин же эл аралык  уюмдун берген «кеп-кеңеши», «жардамы»,  долбоорлору,  традициялары,  баалуулуктары же кайсы бир өнүккөн өлкөнү «слепо» тууроо милдет эмес, аларга өз элине ылайыктуу, туура келген шарттар, багыттар, баалуулуктар баарынан жогору болгон.

Бизге башкаруунун кайсы түрү ылайык келет?! Эртең 10-январда туура чечимге келүү  үчүн өзүмдүн жеке иликтөөмдү сиздер менен бөлүшөйүн. Мүмкүн кимдир бирөөгө пайдасы тиер:

1. Парламенттик башкаруу- бул саясый-экономикалык системасы  калыптанган жана өнүккөн же туруктуу бир калыпта өнүгүү жолундагы бир катар Европа жана Азия өлкөлөрүндөгү - мисалы Англия, Германия, Япония, Малайзия сыяктуу ондогон алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүн саясый башкаруу системасы болуп эсептелет.  Бул өлкөлөрдө өздөрүнүн элинин байыртадан сакталып келе жаткан улуттук каада-салттары, башка традициялары, дини, заманбап мыйзамдары, жашоо –турмушу  улуттук кызыкчылык үчүн баары бир бүтүнгө айланып калган.  Мындайча айтканда , булар өздөрүнүн традициялык өнүгүү жолундагы өлкөлөр.  Мамлекеттин саясый системасы менен элдин менталитети, жашоо-турмушу, дини - баары бири бирине туура келет.  Бул өлкөлөрдө диний партиялар  да башка партиялар сыяктуу эле саясатка катышат.  Мисалы,  Германиянын Социал-христиандык- демократиялык партиясы менен Малайзиянын Ислам партиясы башка улутчул-мекенчил партиялары менен бирдикте ондогон жылдар бою өз өлкөлөрүнүн Өкмөтүндө башкаруучу партиялар болуп эсептелет.

2. Президенттик башкаруу- бул негизинен улуттук- боштондук же саясый режимдерге каршы көтөрүлүш жолу  же мамлекеттин ыдырашы менен жаңы түзүлгөн же эгемендүүлүгүн алган жаш өлкөлөрдө  орун алган.  Мисалы,  1870-1890-жылдары Англиядан көз карандысыздыкка  толук жетишкен  азыркы АКШ- биринчи супер- президенттик башкаруусу бар өлкө болгон. Ошондон бери айрыкча  Америка, Африка, Азия материктеринде улуттук- боштондук   кыймылдарда боштондукка чыгышкан бир катар калктар  президенттик башкаруудагы эгемен мамлекеттерин түзүшкөн. Албетте,   мындай шарттарда революция башчылары алгачкы президенттерден болушат. 1991- жылы мурдагы СССР ыдыраганда да  анын курамындагы 15 союздук республика негизинен президенттик башкарууну тандашкан.  Бир гана  А.Масалиев жетектеген  Кыргызстан Компартиясы  Кытай түрүндөгү  парламенттик башкарууга багыт алган.  Бирок А.Масалиевди ал кадамы үчүн «сокур, коркок, бечара» деп парламенттин ичинде демократ терисин кийинишкен Ж.Сооданбеков , А.Муралиев, Ф.Кулов, Ө.Текебаевге окшогондор  «бизге президент керек»,-дешип  ага каршы  чыгышса, сыртта  Т.Тургуналиев баштаган КДКчылар:  «Масалиев кетсин, Акаев биздин президент!»- дешип ачкачылыкта жатышып,  Кыргызстанда да  президенттик башкарууну киргизишкен.  Президенттик башкаруунун  жакшы жагы - бийлик бир адамдын колунда топтолуп, революциядан кийинки өткөөл мезгилде көп мамлекеттик  маселелер оперативдүү  ыкчам чечилет. Мындай  башкаруусу бар өлкөлөрдүн өнүгүүсү  же коррупцияланышы,  демократтуулугу менен диктаторлугу президент болгон адамдын жеке турмуштук, билимдик, тажрыйбалык  жана башка адамдык сапаттарына  да байланыштуу болот.  Мисалы,   Борбордук Азиядагы эле мурдагы постсоветтик республикалардын азыркы ар түрдүү  саясый- экономикалык абалдары, саясый режимдери ага далил .

Азыркы Кыргызстанга кандай башкаруу керек?  Кыргыз эли өзүнүн  туруктуу каада-салты бар, байыркы элдин бири экенине карабай  орусташтыруу, советтештирүү,   анан  эгемен доорундагы акаевдик  Кыргызстанды «жалпы үйгө айлантуу»,  либералдашуу саясаттарынын кесепетинен  бирдиктүү  улут,  анын салттуу баалуулуктары эле бузулбай, бүтүндөй жан дүйнөбүзгө  чейин бузулган. Анын кесепетинен же орус болуп  христианга айланбадык же чыныгы мусулман да эмеспиз, каада-салт, нарктуулук, намыстуулук жоголуп, арсыздык, кайдыгерлик,  жалкоолук, сойкулук, аракечтик, саткындык  кадыресе турмуштук көрүнүшкө  айланып кетти. Түштүк- түндүк, кыргыз-киргиз, акаевчи, бакиевчи , улутчул, батышчыл, орусчул сыяктуу бөлүнүү  бүгүнкү реалдуулукка  айланды. Мындай көрүнүш  акыркы 180 жылда кыргыз жок болуу багытына гана баратканынын далили. Улуттук жолду  айткандар, тандагандар алигиче улутчулдар -эл душманы катары каралып,батышчыл менен орусчулдар  прогрессчилдер катары бааланат. Эгемен доорунда  кыргыз орус жытынан батыш жытына өтүүгө  аракеттенди, бирок улуттук кайра жаралуу саясаты жүргүзүлбөдү. 30 жылдан бери өз жолубузду таппай туңгуюкта жашап, күчүбүздү  бийлик ээлеринен чыгарып келебиз. Менин жеке пикиримде,  азыркы кыргыз шартында, кыргызга  жөн эле президент эмес,  улуттук идеялдарды туу тутунган, эл менен элдик курултай аркылуу кеңешип,  улутту кайра жаратуунун өткөөл мезгилин аныктап, карыш-карыш алгалай турган улуттук лидер  керек. Ал лидер  асманды чапчыган космополит же кооз сүйлөгөн куру чечен эмес, элдин менталитетине, жашоо –мүнөзүнө  жараша идеяларга суугарылган, бир сүйлөгөн, беттегенин бербеген чабылган кылычтай, атылган октой, артын кылчактабаган, элге жакын адам болушу  абзел. Ушундай лидер менен бөлүнүп, чачылып турган азыркы абалыбызга, улуттук кайра жаралуунун өткөөл мезгилинде бизге  жоопкерчилиги кошо так аныкталган президенттик башкаруу ылайыктуу. Дүйнөнү  башкарып жаткан АКШнын түзүлгөнүнө  233 жыл болуп,  ошондо кабыл алынган Конституциясына  30га жетпеген гана кошумча- толуктоо, түзөтүүлөр киргизилди. Жакында демократ Байден   АКШнын 47- президенти болуп, республикачыл Трампты алмаштырды.  Бир дагы президент АКШнын баш мыйзамын өзгөртөм же АКШны парламенттик өлкөгө айлантам деп айта элек.  Анткени,  АКШны негиздөөчү  аталары тузгон система, 13 жыл бою ар бир штаттын элинде кызуу талкууланып анан кабыл алынган.  Биздикине окшоп тар чөйрөдө, жашыруун түрдө,  5-6 күндө  жамаачыланып даярдалып, анан элге жамыны, бүтүндөй Баш мыйзам  эч бир мамлекетте оптом  кабыл алынбайт. Биз ушул жолдон кетишибиз керек.

Президенттер келет- кетет, ал эми эл тандаган саясый система  иштей берет.  10- январга чейин жан дүйнөңдү өзгөртүп, өзүнө  кандай башкаруу жагат, коңшуларың  менен жыйынтыкка кел да жан дүйнөң менен добуш бер.  Бул 1- этап.  Анан экинчи этап башталат, ал  башкаруунун  эл тандаган түрүнө  жараша жаңы Конституция жазылышына жана кабыл алынышына  тикеден тик туруу.  Элибиз кайсы гана  башкаруу системасын тандабасын, мисалы президент болгон С.Жапаров  Бакиевден, Атамбаевден өткөн диктатор болбошу үчүн же Жогорку Кеңеш  азыркы Жогорку Кеңешке окшоп «Ч»  же партиялык-мафиялык парламент болбошу үчүн ошол жаңы Конституцияда президенттер  өздөрү же парламент аркылуу бийликти каалагандай узурпация кылууга тыюу салган жоболор киргизилиши керек. Мисалы,  референдум жолу менен Конституцияны президент да, Жогорку Кеңеш да өзгөртө албай турган,  ар жыл сайын элдик курултай аркылуу президент,  Жогорку Кеңеш элге милдеттүү  отчет берип,  саясый баа алып туруусу жөнүндө,  мамлекеттик бийликтин үч бутакка так бөлүштүрүлүшү  жана өз алдынчалыгы жөнүндө,  президент болгон адам аткаруу бийлигин гана башкарышы,  Конституцияны жана мыйзамдарды президенттин так аткарышы, эгерде мыйзам же Конституцияны бузса жарандардын жеке арызы аркылуу сот алдында жоопкерчилиги ж.б. жөнүндөгү. Эгерде элибиздин көпчүлүгү  парламенттик башкарууну тандаса, анда президентти жалпы эл шайлабашы керек, аны парламенттин депутаттары кайсы бир курултайдын делегаттары менен бирге шайлашы керек.  Эмне дегенде,  жалпы Кыргызстандын атынан бир эле бийлик - же Президент же Жогорку Кеңеш чыгышы, бир өлкөдө  жалпы элдин атынан аракеттенген бир жогорку бийлик болушу милдет. Президент  мисалы,  Германиянын президентиндей символдуу  түрдө өлкө башчысы болот. Бүт аткаруу бийлиги Жогорку Кеңеш шайлаган өкмөт башчыга өтөт.  Жогорку Кеңеш да, президент сыяктуу эле ар жылдык иши боюнча  элдик курултай аркылуу элге отчет берүүгө милдеттүүлүгү  Баш мыйзамда так көрсөтүлүшү  зарыл.  Анткени,  биз 1990- жылы эгемендүүлүк жөнүндөгү  Декларациябызды жарыялаганда “Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси, мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы”  деп дүйнө жүзүнө жар салганбыз.  Ошол бийликтин, эгемендиктин ээси болгон жалпы элибиз эмне үчүн өзү шайлаган президент менен  Жогорку Кенештин ар жыл сайын аткарган ишинин отчетун укса  болбойт? Элдик курултай институту 2010- жылы кабыл алынган азыркы Конституциянын 52- б. аркылуу жарандардын укугу катары киргизилген. Бирок 10 жыл бою үч  президент ( Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков ) эки чакырылыштагы парламент (5 жана 6) анын Конституция деңгээлинде кабыл алынсын деген мыйзамын кабыл албай келишти. Себеби,  жарандар мамлекеттик жана коомдук өзгөчө  мааниси бар президенттер менен Жогорку Кеңештин кээ бир аракеттери менен чечимдерин, Кумтөр, Жер-Үй сыяктуу маселелерди элдик курултайда каралышынан жана өздөрүнө  баа берилишинен коркушту.  Элдик курултай институту бир дагы мамлекеттик бийликке кирбеген, аралашпаган, элдик бийликти жүзөгө  ашыруучу шайлоо,  референдум сыяктуу эле   жалпы мамлекетке жана коомго тиешеси бар өзгөчө  маанилүү  маселелер угулуучу,  элдик  бийликтин үстөмдүгүн көрсөткөн коомдук-саясый институт болушу милдет. Кыргызстанда элдик курултай институту  толук ишке киргенде  бийлик менен элдин ажырымы азаят, өз ара ишеними артылат. Жогорку Кеңеш партиялык жабык тизме менен түзүлбөй, эл өзү  түз,тике тандаган депутаттардан түзүлүп, партиялык өкүлчүлүктүү  табиятынан эл өкүлчүлуктүү  табиятына кайра келгенде гана  өлкөбүздүн саясый системасы толук өзгөргөн болот.  

Урматтуу кыргызым, ага чейин уйку, кайдыгерлик болбосун, Садыр президент болсо болду деп басып кетсек, анын  айланасын  Бакиев менен Атамбаевдин айланасын  бир туугандары, балдары, шопур, катчылары ээлегендей эле   өзүнүн жакындары менен  ар замандын  “отко түшсө күйбөгөн, сууга түшсө чөкпөгөн”  «саясый сойкулары»  ээлейт. Биз азыр колдоп жаткан Садыр кантип мурдагы президенттердей Ак үйдөгү кезектеги  «драконго» айланганын  өзү  да билбей калат!

Ошондо аттиң  дебейли!

 

Азимбек Бекназаров, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, Булак: "Майдан.kg" гезити