Садыр Жапаровдун президенттике талапкерлигин койгону айрым бир карт бөрү саясатчылардын түн уйкусун бөлдү өңдөнөт. Маалыматтык согушка өтүштү. Ар кандай такталбаган маалыматтарды жаадырып, фактысы жок окуяларды токуп чыгышууда. Кылдан кыйкым издегендер Жапаровду жамандоого жасаган ишинен эч нерсе таппай, Бакиевдерге жабыштырганга өтүштү. 
Бакиевдер куугунтукталганы, өлкөдө кандай иш болбосун, митинг болобу же бирөө- жарым “чалынып” кетсе деле, айтор Бакиевдердин аты аталып, алардын көрүү модага айланган. Атамбаев баш болуп кыбыраганга Курманбек Бакиевди күнөөлөшөр эле. Алардын өлкөдөн кеткенине он жыл болду, андан кийин келген бийлик бирөөнү күнөөлөгөндөн башка эч иш кыла алган жок. Курулай патриот болуп, тирбунадан кыйкыра берүүнүн ордуна, он жылдын аралыгында тышкы миграцияны азайтып, элди жумуш орду менен камсыздап, электр энергияга болгон бааны төмөндөтүп, бала бакчаларды салып иш кылса болмок. Калктын турмушу оңолбогондон улам, эл кайра башка, жаңы бийликтин келишин талап кылышты. Азыркы учурда элдин Жапаровго болгон үмүтү чоң. Кыргызстанды Швейцария кылбаса да, карапайым калктын жашоо деңгээлин көтөрөт деген ишеним бар. Бирок капталдан чыккан, айрым бир журт бузарлар, келип иштей элек адамдын буттан чалып, баягы Бакиевдер деп кыйкырып жүргөн адаттарына салып, Жапаровду дагы Бакиевдерге жабыштырып жатат. Эл үчүн чыныгы күйгөн патриот болгондугу үчүн сегиз жылдык өмүрүн абакта өткөрүп, абактан чыккандан кийин качып кетпестен мамлекетке стабилдүүлүк орнотуу үчүн, талап-тоноолорду болтурбоого, өлкөнү укуктук талаага алып келүүгө бардык күч аракетин жумшады. Эми мындан ары дагы мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө, жана элдин талабы менен иштөөгө белсенип жатат. Качанкы качкын Бакиевдерге илештирбей, Садыр Жапаровго иштөөгө мүмкүнчүлүк берели. Кимдин ким менен дос экенин, ким кимдин камчысын чаап жатканын мезгил өзү эле таразалап коет.

Булак: "Майдан. kg" гезити