Экс-депутат Надира Нарматова соцтармактагы баракчасына ачуу билдирүү калтырды. Ал бир кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө арналган:

"Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү угуп алгыла! 2010- жылы төңкөрүш жасап, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, апрель, июнь окуяларынын каны кургай электе, энелердин күйүтү, ыйы токтой электе Референдум өткөрүп, Конституция кабыл алынды деп декрет менен жарыя кылгансыңар!

Бюллетенде "Р.О.Ы "-деген тамга жок,"Президент"-деп жарыяладыңар. Мыйзамдуу парламентти декрет менен таркаттыңар. Декрет менен баарын каалагандай калчадыңар. Ошонун баары силер үчүн легитимдүү болуп эсептелген эле жаңылбасам.

2020- жылдын 6-октябрындагы көтөрүлүштөн кийин, силер өткөргөн референдум менен кабыл алган Конституциянын негизинде узартылган парламент, түзүлгөн Өкмөт, И.О.Президент легитимсиз болуп калабы? Анда он жылдан бери легитимсиз парламент, Өкмөт, Президенттер иштеп келиптир деп түшүнөлүбү? Кыргыз мамлекетин жарга такап, бычактын мизинде койгонуңарды түшүнөсүңөрбү? Тооба кылып, тынчыбайсыңарбы! Моокумуңар дагы деле канбай, кайра жанталашып элдин башын айлантканды токтотпой жатасыңар! Ар кимиң ар жерден сороң этип чыга калып,түрдүү баш айлантма ыплас,арам ойлоруңарды таратып, Акаевчи, Бакиевчи кылып элди бөлүп-жарып, элге акыл үйрөтүмүш, багыт беримиш болгонду токтоткула!

Тарыхта бааңар белгилүү болуп калган. Кыргыз эли азыр силер ойлогондой эмес. Андан бери 10 жыл өттү. Элдин ,өзгөчө карапайым элдин ар биринин өзүнчө көз карашы жетиштүү. Кимдин ким экендигин эчак аңдап, түшүнүп бүтүшкөн. Өзүңөрдүн башыңардагы тоодой күнөөнү сезгиңер келбей,башкалардан күнөө издегенди токтоткула!

Кыргыз элине тынчтык керек! Корккон мурун муш көтөрөт болуп, ар кимге бир баа берип,жалаа жаап,айып издеп, акылдуусунбагыла! Андан көрө, өз абийириңер менен тынчып отургула! Башкаларга мүмкүнчүлүк бергиле! Жети дубандын тыңчыкма кыргыздын жигиттерин, камап, соттоп, жалаа жаап, көпчүлүгүн жараксыз кылып, жеткен жериңер ушул болду Улуттук лидер боло турган кыргыздын мыктысын таба албай сыйпалап, кыргыз эли түйшөлүп турат. Кыргыздын улуттук лидери тарбияланып,суурулуп чыгышына тоскоолдук кылдыңар.

Баш көтөргөндүн баарын өстүрө койбой,бут тосуп,көпчүлүк жигиттердин канатын кайрыдыңар. Ар кандай мүмкүнчүлүктөрдөн чектеп, чегинүүгө аргасыз кылдыңар. Кадр өстүрбөөгө аракет жасадыңар. Өзүңөрдөн башкага эч нерсени ыраа көрбөдүңөр.
Айла кеткенде өзүңөр каржыланып келген Батыштын,АКШнын пикирин эгемендүү кыргыз мамлекетинин ички саясатына таасир эттүүгө, шарт түздүңөр. Бул жеткен бузукулук! Мыйзам чегинде учурдагы узартылган парламент менен иштеп жаткан бийлик акыбалдан алып чыгат буюрса. Сабыр кылгыла?

Бир ай убакыт калды чыдап, акыл калчап элибиз өз тандоосун жасайт буюрса.

Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн акыл-насаатына кыргыз эли муктаж эмес! Кыргыз элинин убалынан корккула! Каалагандай он жыл чалчактап, элдин башын айландырдыңар! Кана кыргыз мамлекетин өнүктүрүп, өстүрүп, жыргатып жибергениңер! Тескерисинче кыргыз эли карызга батып, итке минип олтурабыз. Эч ким жооп бербей келет. Жооп бергиңер келбейт. Мойнуңардагы кечиримсиз кандуу күнөөңөр турат. Элден кечирим сурагыла!

Жансоолагандын ордуна, кыйратып койгонсуп, 10 жылдан бери тынчыбайсыңар. Эмне үчүн күнөөнү өзүңөрдөн көрбөйсүңөр! Тескерисинче 10,5 жыл мурун бийликтен, саясаттан кетип, өз жашоосун бөтөн эл, бөтөн жерде жүргүзүп улап жаткан Бакиевдин атын атагандан тажабайсыңар.

Күнөө силерде УӨнүн мүчөлөрү! Бакиевдер колу-бутуңарды байлап койду беле "иштебегиле"- деп. Бардык бийлик колуңарда болду. Эмнеге мамлекетти өнүктүрбөдүңөр! УӨнүн мүчөлөрү эсиңерге тутуп алгыла! Бардыгың Бакиевдин кадрысыңар!
Бардыгың үзөнгүлөш болуп бирге иштешкенсиңер. Доор сүргөнсүңөр. Бириң премьер, бириң тышкы иштер министри, бириң спикер, губернатор ж.б. болуп, жооптуу, майлуу кызматтарда иштегенсиңер. Силер накта Бакиевдин кадры эмес белеңер!
Тескерисинче Бакиевдин атын атагандан уялып, Бакиевге ыраазычылык билдиргиле! Бакиевдин атын атап,күнөөңөрдү оодарып, жан сактоонун жолун издеп, тыбырчылаганыңарды Кудай көрүп турат. Карапайым эл баарын түшүнүп турат. Атыңар тарыхта кара тамга менен жазылып бүткөн. Лезвия менен кырсаңар да кетпейт.

Кыргыз мамлекетин- талкалагыч, бүлүндүргүч, бузуку, кыргызды чөгөлөтүп мүңкүрөткөн, карызга батырган адам катары тарыхта каласыңар! Эсиңерге тутуп алгыла! Бакиев менен иштешип орден, медалдарды алып доор сүргөн силер эмес белеңер?
Же тарыхтан өзүңөрдү өчүрүп салдыңарбы. УӨнүн мүчөлөрү Бакиевдин кадры болбой, ошол мезгилде майда-чүйдө кызматтарда иштеп жүргөн азыркы бийликтегилер Бакиевдин кадры болуп калабы! "Бакиевдин кадрлары басып кетти" деп айткан сөздөн уялбайсыңарбы. Уят деген барбы силерде. Бүттү мөөнөтүңөр! Эл чарчады силерден. Мындан ары тарых алдында жоопкерчилигиңер гана калды. Башкаларга мүмкүнчүлүк берип, тынчыгыла! Батыштан алган тапшырма саясатыңарды мындан ары кыргыз элине таңуулабагыла! Момент клей менен чаптасаңар да жармашпайт. Кыргыздын өзүнүн улуттук менталитетине таандык нарк-насил, каада-салты, үрп-адаты, аталардан калган мамлекеттик башкаруу ыкмасы бар. Кыргыз мамлекетин саясый эксперимент катары пайлаланганды токтоткула!

Тарых алдындагы өз жоопкерчилигиңерди ойлогула!

УӨнүн көпчүлүк мүчөлөрү- кыргыз эли алдындагы күнөөңөрдү, Кудай алдында басып өткөн жолуңарга болгон жоопкерчиликти тактап алгыла!

А биз кыргыз элине Манас атабыздын рухун, духун пир тутуп, бир муштум болуп бириге турган мезгил келди. 10 жылдан бери элдин тынчтыгын бузгандар жанталашып,өздөрүн сактап калуу үчүн,түрдүү ыплас оюндарды башташты.Ар кандай чындыка дал келбеген сөздөр, жалаалар менен элди өзүнө бургусу келип жатат. Мындай эл бузар,бүлүндүргүч, талкалагычтардан сактаналы!
Жеке кызыкчылыктары үчүн АКШнын департементинен бери, элчисин аралаштырып, Батыштын саясатына сугарылган, каржыланган "Азаттык" баш болгон ММКлар, НПОлор, эл аралык уюмдарга жем болбойлу!

Мамлекетчил, мекенчил, улутчул болуп,ар бирибиз мамлекетти сактап калууга, өзгөрүүгө кадам таштайлы! Мамлекетибиз коркунучта!

Биз эгемендүү мамлекетбиз,алардын ички саясатыбызга аралашып,бүлүндүргөнгө,чөгөлөткөнгө, талкалаганга жол бербейли! Ата Журтубузду акыл эс менен сактап калалы! Ар бирибиз четте калбай, өз салымыбызды кошолу!

Биз 6 миллион элбиз. Көпчүлүкпүз Аллага шүгүр. Кутулуунун бир гана жолу- 10- октябрда боло турган шайлоо жолу менен, кыргыз үчүн башын канжыга коюп, элди баштап кетчү духу күчтүү, мамлекетчил, мекенчил, улутчул эл назарына толгон талапкерди туура тандоо менен кыргыз элинин келечегине жолду өзүбүз ачалы!

Багытыбызды туура тандайлы, жакшыларым! Бузукуларга мындан ары жол бербейли! Биригели! Ынтымакта бололу!

Менимче менин оюмду көпчүлүк туура түшүнүп колдойт деген үмүттө, кыргыздын мекенчил, патриот, мамлекетчил кызы катары өз пикиримди билдирдим.