УКМКдан айдалгандан бери дайыны чыкпай тынчып калган Абдил Сегизбаев акыркы эки айда аябай жанданды. Мурда журналист көрсө жаа бою каччу эле, эми маек артынан маек берип, өтө эле активдешип кетти. Мунун сыры эмнеде деп ойлосуздар? Сыры жөнөкөй эле. Абдил Сегизбаев Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда далай боткону чалып ийген. Бир күн күч органдарында иштебей туруп, УКМК башчылыгына дайындалып,ал жактагы 3 жылдык ишмердүүлүгүндө жалпыга белгилүү болгон «Белизгейт» чуусунан тышкары бир катар мыйзамсыз иштерди жасаганы акырындык менен ачыктала баштады.
2018-жылдын башында Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосунда келишпестик пайда болуп, жаз айында Абдил Сегизбаев кызматтан айдалган. Кийин Кой-Таш окуясы болуп, Атамбаев жан-жөкөрлөрү менен камакка алынганда эмнегедир Сегизбаев суудан кургак чыккан. Себеби кайран жигит айтылуу Райым Матраимов менен бекем мамиле түзүп алган. Тагыраагы контрабандалык бизнес байланыш экөөнү табыштырган. Быйылкы парламенттик шайлоодо да Абдил Сегизбаев командасы менен «Мекеним Кыргызстан» партиясынын желегин желбиретип, кой таштыктардын жүрөгүн айланткан. Ал гана эмес, Абдилдин жакын инилери Райымдын «Мекеним Кыргызстаны» менен депутаттыкка талапкер болгон. Сооронбай Жээнбеков бийликте турган кезинде ошентип Абдил Сегизбаев Райымдын колтугуна башын катып, эртеңкисинен кабатыр болбой жайбаркат өмүр сүрүп жаткан. «Мекеним Кыргызстан» партиясы парламенттеги 45 мандатты ээлеп, Абдил батыр эми кайра бир кызматты мыкчыйм деп турганда Октябрь революциясы болуп кетип, Матраимов-Сегизбаевдик «жаркын жашоо» планы кыйрап түшпөдүбү. Райымбек Матраимов фамилиясын Исмаиловго өзгөртүп, Кыргызстандан куйругун түйөөрдө кармалып калды. Коррупционер экенин, Кыргызстанга миллиондогон зыян алып келген контрабандачы экенин мойнуна алып, тергөө менен кызматташа баштады. Садыр Жапаров «коррупцияга аралашкан, жаман ишке жармашкан эски-уску бир да чиновник жазасыз калбайт» деген чечкиндүү сөзүнөн кийин Сегизбаевдин жүрөгү дүкүлдөп, көчүгү бүлкүлдөй баштады. УКМКны башкарып турганда анын орун басарлары болгон Дүйшөн Чоткараев менен Болот Сүйүнбаев 22 киллограм алтын контрабандасы боюнча иш козголуп, бирөө камалып, бирөөнө издөө жарыяланды. Жиптин учугу уланып келип, өзүнө тиерде саясий куугунтук күчөдү деген эски обонду созо баштады. Азыр президенттикке талапкер катары кол тийбестик макамы бар. Бирок 10-январдан кийин Сегизбаев бир кезде өзү башкарган УКМКны көздөй жөнөгөнү калды ошкойт. Бул ирет жылуу-жумшак кабинетке эмес, жертөлөөсүндөгү камераларга барат. Ушунун баарын төрт жерде эки сегиз болгон сыяктуу Сегизбаев түшүнүп, билип турат. Аз убакыт ичинде Садыр Жапаровго каршы ач айкырыкты салып бакылдап жатканынын себеби да ушул. Эртең камалып калганда саясий куугунтук деп кыйкырганына же башка өлкөдөн башпаанек сураганына керек эмеспи.