Мурдагы президент Роза Отунбаева ушул жумада журналист Майраш Базлакунованын суроолоруна жооп берип жатып: «Биз Беларусь деген өлкө менен кайсы гана союзда жокпуз. Мына бүгүн Беларустун нанын, сүт тамактарын да ичип атабыз. Ушунчалык тыгыз байланыштабыз. Бир радиодон айтып жатат. Ал жерде 200 адам эмес 200 миң адамдар бир жумада бир көчөгө, митингге чыгып жатат. Эми мына 18-19 жума болуп кетти. 4 айдан бери бир автократтык режимин талкалап, кетире албай атышат. Ушунчалык күчтүү күрөш жүрүп атат. Канча кишилерди кыйнап жатат. А биз болсо, «парламентаризм жаман экен, Кыргызстанга жарабайт экен, биз автократиялык режимин куралы деп»,- жанталашып Конституцияны жазып жатабыз. Эмне себептен биздин эс-тутумубуз кыска, эстебейбиз. Азыр Бакиевдин кишилеринин баары келип жатат. Ошол режим кайра ордуна келип жатат. Биз болсо билмексен болуп отурабыз», - дептир.
Балким, саясаттан кабары жок, катардагы карапайым адам Роза айымдын бул айтканына ишенип алышы мүмкүн. Бирок анын бул айткандарына терең талдоо жүргүзүп, мазмунуна көңүл бурсак, Кыргызстанды алдыдагы президенттик шайлоодон кийин Беларустагыдай саясый туңгуюкка түрткөн арамза ой жатат. Чындыгында бул өлкөдө акыркы бир нече айдан бери же президенттик шайлоодон кийин айрым жарандарынын бийликке нааразы болгон акциялары өтүүдө. Алар шайлоодо 10% добуш алган Тихановскаяны президент катары эсептей тургандыгын айтышууда. Тилекке каршы ал шайлоодо жеңбесе кантип президент болмок эле.
Эми жөнөкөй адамга деле Беларустагы бүгүнкү кырдаал чоң державанын Ливия, Ирак, Венесуела, Грузия сыяктуу өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишип, өзүнүн куурчак адамдарын коюу аракети жүрүп жаткандыгы бештен белгилүү болуп калды. Бул айткандарыбызга Тихановскаяны АКШнын, Европа өлкөлөрүнүн жетекчилери кабыл алып, массалык маалымат каражаттары “звездага” айлантып жатышы далил болуп саналат.
Бирок ошол эле учурда Р. Отунбаева эмнеге Беларустун президенти 26 жыл башкарган мезгилде өз өлкөсүн талап-тонобой, кландык башкарууну орнотпой (биздикилерге жана өзүнө окшоп), коммунизм кургандай экономикалык жактан өнүктүрүп жибергендигин оозанбайт? Эми 100 болобу же 100 000 болобу, көчөгө чыккан эле элдин талабы туура боло бербейт да.
А. Лукашенко такыр эле бийликке тырмышып отуруп албай, кетүүгө даяр экендигин, Конституцияны өзгөртүүнү өзү сунуш кылып, ага бир жылдай убакыт керектигин айтып жатат. Негизи карапайым элге айланып келип эле иштегенге жумуш, жегенге тамак-аш, ээн-эркин басканга коопсуздугун камсыз кылып берген жетекчи керек. Ал эми Беларустун президенти чейрек кылымдык башкаруусунда өз элин ушул жыргалчылыктын баардыгына жеткире алды. Демек, Ливиядагыдай кээде бүтүндөй мамлекеттин жарандары деле өздөрү аңга түшүп жаткандыгын билбей, кайдагы бир иллюзияга ишене беришерин да тарых далилдеди.
Эгер Беларустагы абалды терең талдай турган болсок, бул саясый илдет кошуна жана бир тууган Россияга, андан ары КМШ, ЕАЭБ өлкөлөрүнө вирус сыяктуу таңууланган саясый илдет болуп саналат. Ал эми Р. Отунбаева айылдык кыргыздарды “мырк” деп, кыргыз элинин маданий очогу болгон Г. Айтиев атындагы сүрөт искусство музейинде кыргыз кыздарын энеден туума жылаңачтантып чечиндирген иш чараны өткөрүп, кылымдардан бери нарк-насил, каада-салтты сактагандыгы үчүн жок болбой, мамлекет катары жашап келаткандыгына кыянаттык кылгандай эле бул ирет да элдин башын айландырган маек, билдирүүлөрү менен байма-бай чыгып жатат.
Ошол эле учурда «Азыр Бакиевдин кишилеринин баары келип жатат. Ошол режим кайра ордуна келип жатат. Биз болсо билмексен болуп отурабыз»-, дегени да элди экиге бөлүп, ич ара тытыштырууга жасалган жандалбастагандыгы.
Бакиев демекчи, ошол эле Отунбаева өзү деле ал кишинин кадры экендигин эсине салып койгубуз келет. Анткени К. Бакиев аны тышкы иштер министри кылып, бүтүндөй өлкөнүн тышкы саясатын ишенип бербеди беле. Кийин эле эл бузар, журт бузар А. Атамбаевге кошулуп, КСДП партиясынын мүчөсү болуп, депутаттык мандат алып, мурдагы кожоюнуна каршы чыкпадыбы. Көрсө, бул айымдын көздөгөнү – улам эле революция-төңкөрүш кылып, элди бөлүп-жарып, мамлекетти жок кылууга жасаган аракети үчүн чет жактагы кожоюндарынан ар кандай грант, инвестиция түрүндөгү жашыл акча алуу экен.
Туура, эл баарын көрүп-билип турат, азыр башка заман, Бакиевдин кишилери эмес, өздөрү деле Кыргызстандын саясаты менен ички ишине аралашпайбыз дегенин угуп жүрөбүз. Мындай ярлык тагып, элди бийликке каршы тукуруу Отунбаевага гана керек экендигинен шегибиз жок.
Эгер Бакиев жана анын тушунда мамлекеттик кызматта иштегендер ошончо эле желмогуз болушса, анда Отунбаева президент болуп турганда коомдук уюмдар сунуштаган люстрация мыйзамын кабыл алып, аларды экинчи мамлекеттик кызматка келбей турган кылуу мүмкүнчүлүгү берилди эле го. Жок, ал кийин өзү кийин айткандай, эгер люстрация мыйзамын кабыл алса, коом экиге бөлүнүп, мамлекеттик түзүлүшүбүзгө доо кетмек. Негизи Кыргызстан чакан, кыргыздар аз эле элбиз. Андыктан президенттер алмашкан менен аларга билимдүү, тажрыйбалуу, профессионал адистер дайым керек. Андыктан аларга Бакиевдин же башканын адамы деп айып такпай, жасаган иши боюнча баа берсек туура болчудай...