Учурдун башкы темасы Конституциялык реформа болууда. Көпчүлүк бизге реформа керек десе, айрымдар кереги жок деп да чыгышууда. Андыктан бардык нерсени обьективдүү карышыбыз керек. Биз эгемендүүлүктү алганыбызга отуз жыл болсо дагы мамлекеттик башкаруу системасын бир оптималдуу моделге сала албай келе жатабыз. Эгер мамлекеттин эгемендүүлүк алгандан берки тарыхый жолун алып карай турган болсок, алгач президенттик башкарууга, андан соң президенттик-парламенттик, андан кийин парламенттик башкаруу системасына өттүк. Ошол парламенттик системадан биз, кандай пайда-кемилчилигин көрө алдык. Демократиялуу өлкө болдук деген ураан менен кыйкырганыбыз гана болбосо, иш жүзүндө баары башкача болду. Жогрку Кеңеш президенттин астында бийле десе бийлеп, ырда десе ырдап, айтканын аткарып, кээ бир учурларда соодалашып болсо дагы, бардык маселе президенттин ыңгайына карата чечилип жатты. Бирок ошол жасаган иштери үчүн президент да, өкмөт да, парламент да эч кандай жоопкерчиликти моюнуна алган жок. Бүгүнкү биз жашап жаткан Конституцияда - мамлекетте болуп жаткан ишттерге эч бир бийлик бутагы жооп бербейт. Мындан улам акыркы он жыл аралыгында өкмөтүбүз он жолу алмашты. Өкмөт алмашкан сайын мамлекет канча зыянга учурап жатат. Акыры аягы келип туңгуюкка кептелип, элдин нааразычылыгын жаратты. Биз аны октябрда болуп өткөн окуялардан улам көрдүк. Демек, тарых өзү жоопкерчиликти бир киши ала турган система керектигин көргөздү. Андыктан бизге Референдум керек. Ансыз деле бизде президенттик шайлоо өткөрүлөт, андыктан ага кошуп эч кандай чыгымсыз Референдумду өткөрүп алсак болот. Элге кандай башкаруу керектигин – эл өзү тандайт.