Отунбаева орду менен, ойлонуп сүйлөп жүрсө кадыры бийик болмок эле. Бир туруп элди “мырктар” дейт, бир туруп “жылаңач аялдан” исскуствону көрө албаган айылдыктар билимиңерди көтөргүлө деп дөөрүп жатып, кашыктай кадыры да калбады.

Осмонакун Ибаргимов туура айтат, Нурлан Мотуев кандай экс-астронавт болсо, Отунбаева ошондой экс-президент деп. Чындыгында эле Роза айымдын сүйлөгөн жагы Мотуевдан деле айырмасы жок. Батыштын эли жылаңачтанып алып жакшы жолго баратабы? Кичүүсү уулуусун сыйлабаган, уул-кызы ата-энесин карабаган, бир жыныстуу үй бүлө кургандардан, эмне биз - үлгү алышыбыз керекпи. Эми тынч отура албай, он жыл мурда куулуп кеткен Бакиевди эстеп, мамлекеттик кызматтарга Бакиевдин кишилери келип жатат деп жар салды. Керек болсо өзү колунан жетелеп келип тактыга отургузуп батасын берген  - Бакиевге. Ал эми өзүнүн Бакевден эмне айырмасы бар. Отунбаеванын айынан 2010-жылы Ошто эл кырылып калды. Ошол кезде Убактылуу өкмөттү төрайымы болуп туруп, конфиликти алдын алуу үчүн эмне иш кылды. Бир Текебаевдин, бир Атамбаевдин оозун карап, “кресло” бөлүштүрүп отургандыгы үчүн даңктайлыбы.  "Кыңыр иш кырк жылда" дейт, акыры келип жооп берээр күн келет, Роза Исаковна.