2020-жылы өтө оор жылдардан болду. Көп адамдардын башынан кыйынчылыктар өтүп, мыкты инсандардан айрылып калдык. Бул жылдын бүтөрүнө саналуу эле күндөр калды. Жаңы жылды чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. Буйруса 2021-жыл жакшы жышаан менен башталганы турат.
Бысмылда дегенде эле 10-январда Референдум менен президенттик шайлоонун чогуу өткөрөбүз. Референдумду кабыл алуу боюнча мыйзамга, бүгүн президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов кол койду. Бул референдумда ар бир жаран өлкөнүн өнүгүшү үчүн Кыргызстанга кандай башкаруу системасы керкетигин өзү тандашы керек. Он жыл парламенттик система менен жашадык. Мындайча айтканда он жыл аз көрүнгөнү менен бир муун жаштар өсүп чыкты. Ошол аралыкта жашоо-турмуш оңолуп кеткен жок. Тескерисинче президенттин оозун караган, бирок элдин эсебинен жеп ичкен депутаттардын санын көбөйттүк. Аларды багууга казынадан жылына эле канча миллион каражат бөлүнөт. Биз саны көп, сапаты жок, өз бизнесин коргоо үчүн келген “көпөс” депутаттарды кыскартышыбыз керек. Андан көрө алардын бензинине, кагазына, ручкасына, кышкы салатына, дарысына кеткен акчаны үнөмдөп, бала бакчаларды салууга же болбосо ооруканаларды оңдоого жумшасак оң болот.
Андыктан, ар бириңиздер, чечим чыгарардан мурда терең ойлонуп, андан кийин добуш бериңиздер. Бизге беш жүз депутат алып келип койсоң деле, президенттин ишаараты менен гана иш кылышат. Андыктан мындай соодагер, сатылма “чимкириктерди” азайтыш керек.