Камчыке… Ал бир АРСТАН. Болгондо да ал албууттанган, өз үйүрүнө кол салган душман менен “кыл чайнаша” кармашкан арстан. Анын мүнөзү курч, ачуусу чукул, бирок ачуусунун чукулдугу кара булуттун карс-курс эткен өткүнүндөй эле. Мен аны башында анча-мынчага маани бербеген алабарман адам го деп ойлогом. Бирок жакындан биле баштаганда анын эсеби өтө так экенин, өз жемин башкага жедирбеген, кандай маселе болбосун “жети өлчөп бир кескен” мыкты мамлекеттик ишмер экенин түшүндүм. Албетте, мен аны өтө идеалдуу инсан деп айткым келбейт. Турмушта андай адам жок. Мактоо, атак-даңк жалгыз Аллах Таалага гана таандык. Ошентсе да, акыркы 30 жылдык мамлекеттүүлүк тарыхыбызда эл-журтка төбөсү көрүнгөн саясатчылардын ичинен Камчыбек Ташиевден туруктуусун, өткүрүн, Ата Мекени үчүн чындап күйгөн эр жүрөк, көк жал Баатырын көрө албадым. Бул чындыкты эч ким тана да , талаша да албайт деп ойлойм. Өзгөчө анын 2010-жылдагы каргашалуу Ош окуясында мамлекетибиздин бүтүндүүлүгү үчүн жасаган эрдигин эч ким жокко чыгара албайт. Өзбек сепаратистери ордолуу Ошту басып алып, автономия сурап жатканда ошол учурдагы Р. Отунбаева, А. Атамбаев, Ө.Текебаев ж. б. башында турган “Убактылуу Өкмөт”эмне кылышарын билбей “ийиндерине” кире качышкан. Эл башына караан күн түшкөндө суурулуп чыгып, душманга каршы тикесинен тик туруп Эл Баатыры болуш ар кимдин эле колунан келе бербейт. Учуру келгенде Камчыбек Ташиевдин Мекен алдындагы эрдиги үчүн ага “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүүгө да татыктуу.
Албетте, бизде жай турмушта “Баатырлар” өтө көп, бирөө китеп жазган, үңүлө окусаң сойкулукту даңазалаган, экинчиси сүрөт тарткан, үчүнчүсү айкел тургузган, дагы башкасы көп жыл эл башкарып ”кой өлгүчө сен өл” деген социалисттик ураандын астынды кыргыз элинин дили менен тилине кыянатчылык кылып орден тагынган. Өткөн тарыхтын татаал, тайгак жолдорун айта берсе сөз көп, бирок биз бүгүнкү күн менен жашашыбыз керек. Өлкөбүздүн бүгүнкү экономикалык абалы оор, ал турсун бүтүндүгүнө шек келип турган учур. Мындай туруксуз абалды өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланып кеткиси келген сырткы күчтөр, саясаттагы шумпайлар көп. Куулук-шумдукту мыкты өздөштүргөн бир ууч саясатчылардын өлкө тагдырын каалагандай калчагысы келип турган ушул чакта Камчыбек Ташевдин УКМКны жетектегени эң туура болду. Мамлекет үчүн эң башкы маселе-анын ички жана тышкы коопсуздугу.
Кыргыз элин кооптондурган, мамлекетти сызга отургузган эң көйгөйлүү тармак бул – чек ара. Чек арада аткезчилик өкүм сүрүп, маңзаттар тонналап ташылып турса мамлекет кантип өнүгөт. Чек ара кызматын УКМКнын курамына алуу эң туура чечим болду. Анткени, чек ара тармагын тартипке салмайын өлкөдө өнүгүү, тынчтык болбойт. “Мамлекет – чек арадан башталат” деп бекер айтылбаган.
Бүгүнкү күндөгү эң оор, коркунучтуу маселе бул – коррупция. Коррупция төрөт үйүнөн башталып, Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин чырмап алган. Ымыркай төрөлүп, энеси эсине келе электе дарыгерлер акча талап кылат. Бала бакчаларыбыз, мектептерибиз, ЖОЖдорубуз бүтүндөй корупциянын туткунунда калган. Биз келечекке кандай муунду тарбиялап жатабыз деген суроо туулат. Албетте, коррупционерлерди… “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деп бекер айтылбаган. Мындай абалдан кантип чыгабыз? Мындай “илдет” менен күрөөшүүдө атайын кызматтын ролу чоң, бирок бул ишти жеке Ташиевге таштап койбой баарыбыз жапа тырмак күрөшүбүз керек. Антпесек ар бир беш жылда төңкөрүш боло берип мамлекет таз кейпин кийип калды. “Революцияны карапайым эл жасап, жатып ичерлер күнүн көрөт” деп бекер айтылбаган. 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон улам келип чыккан башаламандыкты Текебаевдик батышчыл “балит технологдор” өз пайдаларын оодарып кете жаздашты. Камчыбек Ташиев Садыр Жапаравду абактан чыгарып, алардын арам ойлоруна каршы катуу турбаганда кайрадан кан төгүлүп, 2010-жылкы окуялар кайталанмак. Банктардагы ячейкалар тонолмок, мародёрчулук менен марыгандар кайрадан көнгөн иштерин кылмак. Камчыке мына ушуларды болтурбай, элдин тынчтыгын сактап калды. Чындыгында карапайым калк улам өңүн өзгөртүп турган түстүү ыңкылаптардан, өзгөрүлмө саясатчылардан тажады. Анткени мындай ыңкылаптардын карапайым калкка кыпындай да пайдасы жок экен.
Кыргызда “Ат башына күн түшсө ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет,”- деген накыл кеп бар. Камчыкенин башына кандай гана оор күндөр, сыноолор түшсө да кыңк этпей көтөрдү. Дал ушул жан досу Садыр Жапаровду жактайм деп ак жерден абакка да отуруп чыкты. Досутукка кандай бекем болуш керектигин ушу Камчыкеден үйрөнүш керек. Өзү жетектеген “Ата-Журт” партиясынын кадыры жогору болуп турганда аны таштап Садырды түрмөдөн чыгарам деп “Мекенчил” партиясы менен парламенттик шайлоого аттанып, эл алдында берген убадасын аткарып, Садыр Жапаровду абактан алып чыгып, бийликтин туу чокусуна алып келди. Эл арасында АША менен Сокенин достугу “кейишке” айланып жатканда, достуктун туусун бийик көтөрдү. Бул да болсо Алланын кудурети. Аллах Таала “керек болсо башты аяк, аякты баш кылып койгон” кудуреттүү Зат.
Менин Камчыбек Ташиевге болгон ишенимим анын “Менин тилегим” деген китебин окуп чыккандан кийин анык бекемделди. Китептен Камчыкенин балалык чагы, саясатка чейинки жана саясаттагы тагдыры жеңил болбогонун түшүндүм. Ал карапайым үй-бүлөдө чоңоюп, жашоонун баркы менен наркын жакшы түшүнгөндүктөн элдин көйгөйүн да мыкты билет деп ойлойм. Эгер кыргыз элинде Камчыкедей эр-азаматтар көп болгондо мамлекетибиз тез эле турукташып, өнүгүп кетмек. Камчыке, ишиңизге ийгилик, Аллах Таала Сизди колдосун!
Сакы Садыков, журналист