-Ырысбек мырза, эл арасында 1993-жылкы Конституцияга кайтып келсек эле тирештер токтоп, каршылашкан тараптар мунасага келет деген пикирлер айтыла баштады. Чындап эле 1993-жылкы Конституцияга кайтып келсек, баары жайында болгон мезгилге келип калышыбыз мүмкүнбү?

-“1993-жылкы Конституцияга кайтып келсек эле баары  эле өзгөрүлүп  кетет" дегенден алыс болушубуз керек.  Тарых ордунда турбайт. Балким,  1993-жылкы Конституцияга кайтсак эле баары жакшы болот дегенге  кайсы бир саясый  топтор ишенсе керек.  Бирок  мен ага ишенбейм. Биринчиден, ар бир Конституция өзүнүн доору дейбизби, убактысы дейбизби, ошого  ылайыкташтырылып жазылат. Тарыхты кайра артка кайтара албайбыз да.  Бул сунуш  “мен бул китепти көргөн да, окуган да эмесмин. Бирок өзүмдүн эксперттик оюму айтып коёюн"  дегендей пикирлерден окшойт.  Менимче,  “1993-жылкы Конституцияга кайтып келүү керек" дегендердин көбү оппоненттериндей эле,  Конституцияларды салыштырып, анализ кылмак тургай, Конституциялардан кабарлары жоктор болсо керек.  Эми коммунисттер  "1977-жылкы Конституцияга кайрылыш керек”, - деп чыгышса да элдин башын оорутабызбы?  Ал, бул дегенибиз менен  азыр Конституцияны өзгөртүүгө убакыт жетти.

-Бирок  жаңы Конституцияны да сындап, жараксыз деген пикир жаратууга аракет кылгандар да жетиштүү болуп жатат го?

-Жапаров сунуштаган Конституциянын өзөгүн көргүсү келбеген саясатчы сөрөйлөр чыкканы кейиштүү.  "Американын Конституциясы эки эле барак",  - дейт бир коллегам,  саясат-таануучу сөрөй. Мен ага:  “Конституцияга 2000ден ашык жолу оңдоп-түзөө киргизилгенин билесиңби?” -  деп сурасам,  “Мен аны кайдан билейин”, -деди.  Демек, 1993- жылкы Конституцияны да 1983- жылдарга калтырып, 2021-жылкы  Конституцияны көздөй умтулушубуз керек.  Бул мезгилдин талабы.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити