Биз буга чейин кээ бирлер президенттикке соодалашуу, жеке кызыкчылыктарына жетишүү үчүн эле талапкерликтерин коюп жатышкандарын, негизги талапкер менен тил табышып, сүйлөшө алса, жарыштан четтеп кетише тургандыктарын жазганбыз. Биз айткандай болуп атат.
«Мен идея үчүн баратам, соодалашуу мага жат нерсе, мен эч качан кызматтын кулу болгон эмесмин»,- деп опурулуп, жапырылып келаткан Садык Шер Садыр Жапаровдун пайдасына талапкерлигин алып салганын билдирди. Мындай чечимге ал Жапаров менен жолугушуп, чайлашкандан кийин келип отурат. Кандай сүйлөшүү, макулдашуулар болгонун билбейбиз, бирок сыягы Садык Шер өзүнө ыңгайлуу жагдайга ээ болгон көрүнөт. Буга чейин Садык Шердин көптөгөн жер тилкелери бар экендиги, ошолор боюнча ага кылмыш ишин козгосо, көптөгөн былыктары чуурулуп чыгары жазылган болчу. Балким, маселенин төркүнү ошого барып такалар.
Муну менен айтайын дегенибиз, эртең Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков ж.б. салмактуу талапкерлер да жарыштан четтешсе, «соодалашуу» жакшы болгон экен деп түшүнө берет окшойбуз…
Булак: «Майдан. kg» гезити