-Экс-президенттердин ири суммада алган пенсиясы социалдык тармактарда талкуу жаратты. Неге экс-президенттердин чоң суммадагы пенсия алып жатканына нааразы болгондор көп?
- Президенттер экс макамын алып, өзгөчө кайтарууда жана 150 миң сом пенсия алганын туура деп эсептейм. Анткени, ал кишилер мамлекетке тийиштүү өзгөчө сырларды билген жана маалыматтарды алып жүрүүчү катары өзгөчө кайтарууга жана эч нерсеге көз каранды болбогондой камсыздандырылууга тийиш. Азыркы экс-президенттердин бөлөк өлкөдө качып жүрүүсү, түрмөдө жалпы кылмышкерлер менен бирге камалышы дагы өлкөбүзгө өтө коркунуч жаратат. Мамлекеттик өзгөчө сыр маалыматтарды билген жетекчилердин бардыгы ошондой камкордукка ээ болушу шарт. Эмнеге аларга өзгөчө көңүл бурулуп, жакшы шарттарды түзүшүбүз керектигин элге түшүндүрүү бийликтин иши болушу керек.
Бирок мындай маселенин баары элге учурунда түшүндүрүлбөй айрымдары саясий оюн болуп кеткен үчүн эл арасында тескери пикирлер жаралып жатат.
-Баса, 6 миллион сомго депутаттарга ноутбук сатып алуу маселеси көтөрүлүүдө. Депутаттардын бирден ноутбук сатып алганга мүмкүнчүлүгү жокпу?
-Чынында депутаттардын иштөөгө шартынын жоктугу көп көйгөйдү жаратууда. Ноутбук менен иштөө иштин жүрүшүн жеңилдетип, убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт. Бирок азыркы учурду эске алып, депутаттар ноутбукту өз чөнтөктөрүнөн эле сатып алышса, мамлекетке кошкон салымы болот эле.
Булак: «Майдан. kg» гезити