Аракеттеги Башмыйзамда  Жогорку Кеңештин депутаттары себеби жок 30 күндөн ашык жумуш ордуна келбесе, депутаттык мандаттан ажыратылары каралган. Эми Башмыйзамдын бул нормасына өзгөртүү киргизип, 30 күндүк убакытты 10 күнгө түшүрүү сунушу колдоо таап, Конституциялык кеңешменин катышуучулары тарабынан жактырылды. Конституциянын жаңы долбоору ишке киргизиле турган болсо, мындан ары ЖК депутаттары 10 күн себепсиз ишке келбесе, мандаттан ажыратууга мыйзамдык негиз түзүлөт. Бул  эң туура, мезгил талап кылган өзгөртүү экенин белгилей кетели.

Кызматкер, жумушчу иш ордуна 2-3 күн келбей койсо, атайын берене менен кызматтан алынып, айлыгынан кыскартылып, административдик чаралар көрүлгөн чакта ЖК депутаттары иш ордуларына келбей койгондуктары үчүн эч кандай жоопкерчиликке тартылбай келишкендиги  эч кандай калыстыкка жатпайт. Депутат болуп шайлангандан кийин Жогорку Кеңешке айына 2-3 ирет келип, кылган ишинен дайын жок, бирок айлыктарын маалында  алып келген депутаттар  жок эмес. Эмне үчүн алар жумушка келишпесе да, милдеттерин аткарбаса да айлык ала бериши керек? Ошондуктан, 10 күн себепсиз жумушка келбеген депутаттардын жоопкерчилигин кароо боюнча норма эң туура киргизилип жатат.

Булак: «Майдан. kg» гезити