Башмыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү боюнча Конституциялык кеңешме ишин улантууда. Анда Конституциядагы нормалар, беренелер боюнча ар кандай сунуш, пикирлер айтылууда. Кеңешменин катышуучуларынын бири Башмыйзамдан «орус тили расмий тил болуп эсептелет» деген норманы алып салуу боюнча оюн айтып, ал коомчулуктагы кызуу талкууга жем таштады. Атүгүл бул маселе боюнча Россиянын МамДумасынын депутаттары үн катып, пикирлерин айтканга үлгүрүштү.
Суроо туулат, орус тилинен расмий макамын алып салуу керекпи же бул нормага тийишип кереги жокпу? Ачыгын айтканда, орус тилинен расмий макамын ажыратып салуу кыйын деле эмес. Бирок анын бүгүнкү күндө канчалык зарылчылыгы бар? Маселеге олуттуу, сергек карай турган болсок, расмийлик макамды алып салгандын пайдасына караганда зыянын көбүрөөк тартып калышыбыз ыктымал. Каалайбызбы, жокпу Россиядагы эмгек мигранттарынын жумушка орношууда жеңилдиктерге жетишүүсүнө дал ушул маселе оң таасирин тийгизген. Россиянын өкмөтү ушуну эске алуу менен кыргыз мигранттарынын шарттарын жеңилдеткенин жашыра албайбыз. Демек, Башмыйзамдан бул норманы алып салсак, Кремлдин салкын мамилесине туушугуп, алака солгундай түшүүсүн жокко чыгарууга болбойт. Колдон келсе, кыргыз бийлиги ушул жагдайды бетке кармоо менен рычаг катары пайдаланып, Россия тараптан кандайдыр саясий жана финансылык дивиденддерине ээ болгону туура го. Анын үстүнө орус тили расмий макамдан ажыраса эле мамлекеттик тилибиздин ареалы кеңейип, укмуштуудай өнүгүп кетерине да ишенүү кыйын.
Балким, эртеби -кечпи Башмыйзамдагы бул норма алынып салынар. Бирок азырынча «жуурканга карап бутубузду сунуп» турганыбыз оң. Биз үчүн азыр эң ириде экономикабызды өнүктүрүп, элдин жашоо -турмуш деңгээлин көтөрүү маанилүү болуп турат.
Булак: «Майдан. kg» гезити