Ооба, шайлоо 2021-жылдын  10-январында өтөөрү белгиленген. Бирок ЖКнын мурдагы депутаты Феликс Кулов президенттик шайлоо 17-январда өтүшү керектигин баса белгилөөдө. Анын айтымында, мыйзамга ылайык, шайлоо өлкө башчы ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин 3 айдын ичинде өтүшү зарыл. Сооронбай Жээнбеков арызын 2020-жылдын 15-октябрында жазып берди. Демек, 3 айлык убакыт 2021-жылдын 15-январында бүтөт. Бул күн жума күнгө  туш келгендиктен, шайлоону 17-январга белгилөө туура болот.

«Ошондуктан Жогорку Кеңеш БШКнын кетирген катачылыгын оңдоп, шайлоону  2021-жылдын 17-январына белгилеши керек», - дейт Ф. Кулов.

Булак: «Майдан. kg» гезити