Акыркы кездери айрымдар чет жердеги жарандар алдыдагы шайлоодо добуш бералбай калуулары ыктымалдыгын жазып келишти. Бирок антип тынчсызданууга негиз жок. Сырттагы мекендештерибиздин баары шайлоодо өз тандоолорун кыла алышат. БШКдан билдиргендей, чет жерлерде 45 шайлоо участоктору уюштурулду. Алар Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жайгашкан. Шайлоого шайлоочулардын тизмесине кирген жарандар катыша алышат. Консулдук каттоодо туруп, биометрикалык маалыматтарды тапшыргандар автоматтык түрдө тизмеге киргизилет.

Маалым болгондой, биометрикалык каттоодон КРнын ал жактагы дипломатиялык мекемелеринен, калкты тейлөө борборлорунан өтө алышат. Ал эми шайлоо маалында Кыргызстандын аэропортторунан жана темир жол вокзалдарынан өтүшсө болот.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити