Бардык кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) алкагындагы өз милдеттенмелерин татыктуу аткарып, аймактык жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылууга жана бүтүндөй уюмдун дараметин чыңдоого багытталган идеяларды жана демилгелерди толугу менен колдойт. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 2-декабрда ЖККУнун кеңешинин видео конференциясында билдирди.
Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, Мамытов бүгүнкү сессия кыйын мезгилде — коронавирус пандемиясы адамзаттын негизги көйгөйүнө айланып, дүйнө түзүмүнүн бардык тутумуна, анын ичинде дүйнөлүк экономикага жана соодага терс таасирин тийгизген учурда өтүп жатканын баса белгиледи. Ошондон улам биринчи кезекте өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда социалдык-гуманитардык мүнөздөгү кесепеттердин баары чыгып жатканын кошумчалады. Ал өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий кырдаалга да токтолду.
«Окуялардын чоо-жайына токтолбой эле коеюн, анткени менин кесиптештеримдин бул тууралуу жетиштүү деңгээлде маалыматтары бар деп ойлойм. Белгилей кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө биз үчүн баарынан маанилүүсү 2020-жылдын 4-октябрында өлкөдөгү парламенттик шайлоодо кетирилген кемчиликтерди жоюп, элдин талаптарын ишке ашырууга карата багыт алуу болуп саналат. Азыркы учурда Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал калыбына келди. Кыргыз Республикасы бардык эл аралык милдеттенмелерин жана мурда кол коюлган эки жана көп тараптуу эл аралык келишимдерин так жана толук аткарат. Мамлекеттик бийлик органдары кадимки режимде өз ишин улантууда», - деди президенттин милдетин аткаруучу.
Ал 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өтө турганын белгилеп, буга байланыштуу бийлик органдары шайлоону адилеттүү жана атаандаштык негизде өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшарын, себеби бул өлкөдөгү кырдаалды мындан ары турукташтырууда маанилүү кадам болорун билдирди.
Мамытов үстүбүздөгү жылдын 5-6-октябрындагы Кыргызстандагы окуялар маалында ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын принципиалдуу көз карашын белгилеп, алардын кырдаалды түшүнүп, өлкө үчүн оор мезгилде колдоо көрсөткөнүнө ыраазычылыгын айтты. Андан тышкары дүйнө жүзү өзгөрүп баратканын ачык моюнга алуу керектигин, дүйнөлүк экономикадагы карама-каршылыктар адамзаттын ансыз да татаал болуп келген социалдык көйгөйлөрүн ого бетер курчутуп жатканын баса белгиледи.
«Глобалдашуу жана жаңы технологиялык процесстердин өнүгүүсү менен бирге жер жүзүнүн жаратылыш ресурстарын ыраатсыз пайдалануу экология үчүн чоң көйгөйлөрдү жаратты. Жакырчылык жана жумушсуздук өнүгүп келе жаткан экономикалар үчүн чыныгы дартка айланды. Буга байланыштуу дүйнөнүн айрым булуң-бурчундагы социалдык-саясий туруксуздук дүйнөлүк коопсуздуктун бүткүл тутумуна реалдуу коркунуч жаратууда. Бир нерсе айдан ачык болуп турат — дүйнө бүгүнкү күндө иш-аракеттердин жаңы ыкмалары менен принциптерине муктаж. Дүйнөлүк өнүгүүнүн ушул факторлорунун баары ЖККУга мүчө мамлекеттерден эч качан болуп көрбөгөндөй макулдашылган жана жамааттык аракеттенүүнү талап кылууда. Бүгүнкү күндө ЖККУ аймактык жана глобалдык коопсуздукту камсыз кылуу милдеттерин чечүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ», - деди Мамытов.
Бул жаатта ал Россия Федерациясынын ЖККУдагы, тактап айтканда анын Кавказда гана эмес, башка татаал региондордогу кырдаалды турукташтыруудагы өзгөчө ролун баса белгиледи.
«Жалпысынан Россия Федерациясынын төрагалыгы жана эң башкысы 2020-жылдагы иш-аракеттери ЖККУну көп жагынан бекемдеп, аны өнүктүрүүнүн мындан аркы жолдорун аныктады деп эсептейм», - деди мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу.
Ал үстүбүздөгү 2020-жыл уюмга мүчө өлкөлөр үчүн өзгөчө жыл экенин кошумчалады.
«Үстүбүздөгү жылы биз Экинчи дүйнөлүк согуштагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын бирге белгиледик. Дал ушул жеңиш биздин элдердин башын бириктирип, алдыга карай жол көрсөткөнүн өзгөчө белгилеп кетишим керек. Ошол коркунучтуу согушта адамдык жана материалдык ири жоготууларга учураган биздин элдерибиз бүгүнкү күндө достуктун, өз ара жардамдашуунун жана биримдиктин баркын билишет. Буга биздин өлкөлөрдүн ЖККУнун жана башка абройлуу уюмдардын алкагындагы өз ара кызматташуусу күбө боло алат. Жалпы тарых, бийик союздаштык дух жана өз ара колдоо ЖККУнун негизги бириктирүүчү бөлүктөрү болуп саналат», - деди Мамытов.
Ал Россиянын президенти Владимир Путинге, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жана башка өнөктөштөргө коронавирус инфекциясынын жайылышынын кесепеттери менен күрөшүүдө Кыргызстанга дайыма колдоо көрсөткөнү үчүн терең ыраазычылык билдирди.
«Чогуу жасаган иштерибиздин натыйжалары бул оор сыноону биргелешип гана жеңе аларыбызды көрсөттү. Дайыма ушундай болуп келген, келечекте дагы ошондой боло берет», - деп сөзүн жыйынтыктады Талант Мамытов.
Булак: Баракелде


