Президентикке талапкер Садык Шер-Нияз дагы бир талапкер Садыр Жапаров менен жолугушуп сүйлөшкөнү тууралуу анын маалымат катчысы Ибрагим Нуракун уулу соцтармактагы баракчасында кабарлаган. "Жолугушуунун жыйынтыгы эмне болгонун Садык Шер-Нияз өзү кабарлайт", - деп жазган. 

Ал айткандай, Шер-Нияз кандай чечимге келгенин жарыялады. 

"Садыр Жапаров менен жолугушуп, сүйлөшөтүм. Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин өзүмдүн талапкерлерлигимди алып салууну чечтим. Билим, маданият тармагында көп нерселерди биргеликте алып барганга боло турганына көзүм жетти", - деди Садык Шер-Нияз.

Ошондой эле, экөөнүн пикирлери бир топ маселелерде бир чыкканын, маданият боюнча идеяларын колдоого алууга Жапаров макул болгонун белгилеген. 

Президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.