Экономиканы көтөрүү, элдин жашоосун жакшыртуу үчүн жоопкерчиликтүү бийлик керек. Башкача айтканда, президенттик же классикалык парламенттик башкаруу зарыл.  Өлкө тарыхында соңку он жылда 9 жолу өкмөт башчы алмашты, алардын  эч бири  жоопкерчилик албады. Эмнеге? Анткени, Башмыйзам ошого ылайыкталып түзүлүп калган. Ошондуктан Конституцияны, мамлекеттик системаны өзгөртүү маселеси көтөрүлүүдө. Бул маселеде жаштар, интеллигенция өкүлдөрү мамлекеттин кызыкчылыгы менен иш алып барууга тийиш. Садыр Жапаровдун максаты: жоопкерчиликтүү бийлик системасын түзүү. Мисалы, 1959-жылы Сингапурда Ли Куан Ю бийликке келип: «Өлкөнү өнүккөн мамлекетке айлантам», — деп башкалардан өзгөчө ойлонгон. Ал кыялын ишке ашырды. Ошондуктан «Кыргызстанды түп орду менен өзгөртөбүз», — деген максатыбыз бар. Бул ишке ашат. Анткени Кыргыз Республикасы мурдагы Сингапурдан жогорку деңгээлде. Садыр Жапаровдун башынан көп кыйынчылыктар өттү. Анын  Сингапурдун 1959-1990-жылдардагы президенти  Ли Куан Юдай боло алаарына ишенем. Жапаров он жылда чечилбеген маселелерди он күндө чечти.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити