-"Коррупционерлкерди кустурабыз. Барын жок кылабыз"- деп кыйкырып койсоңор эле коррупционерлер коркуп кетип, жеп ичкенин кайра казынага кайтарып, кайтарбаганы качып баары опоңой бүтүт"- деп ойлодуңар беле?Эч убакта андай бобойт. Эмне себептен бийлик башына келгендердин баары баштаганда ажыдардын башын алган баатырча "Коррупцияны жок кылам"- дейт да анан эле баштаган ишин бүтүрбөй, өзү ажыдаарга айланып калат? Себеби коррупционерлерди кекиртектен алам дегенде, тескерисинче алар чогулуп келип кайра өзүн кекиртектен алышат да, кысчу жерлерин кыстырып туруп тынч отургузуп коюшат. Маселен С.Жээнбековду ошентип эле отургузуп коюшкан. Болбосо жакшы эле баштабады беле. Анан эле "факты жок" -дегенден башканы билбей эси ооду. Бүгүн Садыр Жапаровду баары биригип кекиртектей башташты. Укмуштарды ойлоп чыгарышууда. Баш мыйзамды өзгөртөлү дегенин чоң шылтоо кылышууда. Ө.Текебаевге окшогон машыккан чоң "артистин" астыга кое беришти. Баары биригип кетти. Коррупционерлер эч убакта элди ойлобойт. Тескерисинче, элдин байкуш болуп алардын астында бүжүрөп турганын каалашат. Элдин эсебинен ичпегенди ичип, жебегенди жеп чалчактап жашап жүрө бергиси келишет.
Жалпы элге кайрылат элем. Көзүңөрдү ачкыла! Бүгүн корупционерлер Садыр Жапаров менен кармашып жаткан жок. Коррупционерлер эл менен кармашып жатат. Мындан ары чыдашка болбойт. Анда мамлекетибиз да, улутубуз да жок болот. Мындан он жыл мурда Ө.Текебаев атасы болуп кабыл алган Баш мыйзам мамлекеттик бийликке жалаң олигархтарды, коррупционерлерди топтогонун, ошолордун гана бийликте отурушуна жол ачканын баары жакшы билишет. Билип туруп ошол мыйзамды сактап калгылары келишет. Бүгүн баары биригип ошол жашоолорунан айрылбаш үчүн кармашка чыгышты.Ушуну ЭЛ түшүнүшү керек. Коррупционерлерге жеңилбейли. Ушул жолу алданбагыла!
Булак: «Майдан. kg» гезити