-Каныбек агай, эмнеге Конституциянын жаңы долбоору жазылаар замат негативдүү пикирлерге жамгырдай жаады?

- Азыр көпчүлүк эл эч кимге ишенбей калган. Бул абалга мурдагы президенттер өздөрүнүн алешем иштери менен кептелтип коюшкан. Ошолордун азабы болуп жатат. Октябрдын башындагы элдик толкундоолор дагы эски башкаруудан биротоло жадагандыктын айынан келип чыкпадыбы? Кыргызстандын байлыгын дагы, бийлигин дагы уюшкан саясый топ ээлеп, менчиктеп алган. Бирок анын натыйжасына эч ким жоопкерчилик тартпай келген. Элди ошол абал кыжырдантты. Ошондуктан, Конституциялык реформаны катуу талап кылып туруп алышты. Азыркы бийликтин негизги максаты - элдин мүдөсүн аткаруу. Натыйжада, жаңы редакциядагы Конституция сунуш кылынды. Менимче, көпчүлүк эл аны окуп деле үлгүрө элек болчу. Ошондой болсо дагы пикирлер жаай баштады. Бул нормалдуу эле саясый көрүнүш.  Оор басырык менен кылдат карап пикир айтуу али алдыда. Азырынча өзүнүн жашоосуна же абалына нааразы болгондор кыйкырып чыгып жатышат. Мындан эч кандай трагедия кылуунун кажети жок. Убакыттын өтүшү менен акыл калчаган пикирлер арбыйт. Мына, баштагыга караганда текст менен жакшылап таанышып алып, талкууга өз пикирлерин алып чыккан  жарандар көбөйө баштады. Элдик референдумдун максаты ушул эмеспи? Курулай эле кыйкырып, абалды чыңалта бергенден эмне пайда? Конструктивдүү сунуш бергиле жакшылар, дейт элем!

-Садыр Жапаров кыргыз тилинде  жыйындарды өткөрүп жатып эле эмнеге Конституция орусча жазылып калды?

-Бул суроону мен дагы көтөрүп келгем. Алгачкы ирет орусча жазылганы көрүнүп турат.  Бул туура эмес. Дагы жакшы кеч болсо дагы кыргызча текстти беришиптир. Дароо эле эки тексттин айырмачылыктары билинип жатат. Эми муну кеңири талкуулап бышырыш керек. Өзү бул Башкы мыйзамды адегенде эле кыргызча жазуу керек болчу. Ошол текст менен кошо Конституцияга кыргыздын ою, руху кошо кирет эле!

-Айрымдар октябрдагы толкундоолор ушундай Конституцияны жаздыруу, ушундай башаламандыкты алып келүү үчүн болду беле деп нааразы болуп жатышат го?

-Жаңы бийлик туура эле кетип жатышат. Башаламандык, эгерде эч нерсе кылбай отуруп алышса башталып кетиши мүмкүн эле. Эми бул документти талкуулоого өтөлү да? Конкреттүү жаратмандык жумуш менен алектенбейлиби? Кыйкырып эле будуң-чаң чыгарып жүрө беребизби?

-Бирок эмнегедир жаңы жазылып, талкууга түшкөн Конституцияны  жээригендер, нааразычылык акциясын уюштургандар көп болуп жатат го?

- Эми ал түшүнүктүү эле болуп турат да! Буга чейин өлкөнү бекем мыкчып башкарып келишкен президенттер элдин жашоосуна кайдыгер гана көңүл бурушуп, өзүлөрүнүн эле жыргалчылыгын ойлоп келишкен. Алардын ар биринин өзүнчө эле бир укмуш ыкмалары болгон. Үй-бүлөлүк кландан кудаа-сөөктөргө чейин элди эздирип, каалаганча тайраңдатышкан. Эң өкүнүчтүүсү, ошондой оор кылмыш иштерин өздөрүнө ыңгайлаштырган Баш мыйзамдар менен көмүскөлөп, аларды беттерине ширма катары жаап алып жүрүшкөн. Бул - жүзү каралыктын жеткен чеги болду. Эл 5-6-октябрда дал ушул уятсыз бийликке каршы туруп, анан акыркы президентти дагы Акүйдөн кууп чыкпадыбы? Анан элдин талабы эске алынып, азыр Конституциянын жаңы редакциясы сунуш кылынды. Эми бул документке ким каршы чыгып жатат? Баягы эле өлкөнү каалагандай калчаган төбөлдөр же болбосо ошолордун жанында жүрүп күн көргөндөр. Эл, тескерисинче, аталган документти катуу колдой баштады. Мурда дегеле мыйзамдарды окубагандар, азыр жапа-тырмак окуп киришти. Өз пикирлерин бере башташты. Мен Конституциялык Кеңештин мүчөсү катары, көптөгөн сунуштарды алып жатам. Улуттук Илимдер Академиясынын имаратына баш баксаңыздар. Карапайым эле адамдар сунуш-пикрилерин алып келип, талкууларга катыша башташты. Жаңы мыйзам долбооруна каршы акцияларды уюштурушкандарды деле билип бүтпөдүкпү? Анын ордуна келип, долбоорду талкуулаганга катышыңыздар дээр элем!

-Курултайчылар жазган Конституция болсо, эмнеге башында депутаттар демилгечи болду деген маалымат кетиришти?

-Аны биле албадым. Мен азыр ошол 80 депутат автор деген гана маалымат менен иштеп жатам. Чынын айтсам, азыр бул долбоор катуу талкууга алынып жатат. Ар бир беренесин жана алардын пункттарын тыкыр кароодон өткөрүп жатабыз. Баары ачык болууда. Курултай маселеси дагы көп өзгөртүүлөргө дуушар болот.

-Эгер бул Конституция кабыл алынып,  күчүнө кирсе, супер президенттик башкарууга багыт алып, демократиядан кол үзөбүз деген маалыматка ишенсек болобу?

-Андай коркунуч жок. Кудайдан жөө качкан реваншисттердин сөзүн айтып жатасыңар. Азыр күчтүү жана милдеткер президент менен кубаттуу жана кесипкөй парламенттин биргелешкен тандемин куруу аракети болууда. Калган сөздөр бул айласы куруган ууру-коррупционерлердин эле пропогандасы болууда. Карапайым эл баарын ылгап карап турат. Тез  арада  эле өзүнүн баасын берип, кимдин-ким экендигин айырмалап коёт! Демократиянын чыныгы баалуулуктары мындан ары келет деген бекем ишеним бар. Бирок күрөш катуу болчудай!

-Конституцияны колдогондордун катары көбөйүп жатабы?

-Азыр бул документтин үстүндө катуу иштеп жатабыз. Эч нерсени жактырбагандар кыйкырып жүрүшөт. Акыл калчагандар мазмундуу сунуштарды берүүдө. Ар ким өз ниетинен көрөт экен!

-Конституциялык кеңеш жыйын куруп, Текебаев баштаган саясатчылар каршылык акция уюштурган карама-каршылык качан токтойт. Эки тарап акылга келип,  Конституциянын кемтигин толтуруп, оңдоп-түзөйсүңөрбү же каршылашуу улана береби?

-Туура. Мен дагы ушул акылды тынбай маалымдап келем. Колдогондор көбөйө баштады. Кыргыз элим чыдамдуу жана кеменгер касиети менен айырмаланат. Садыр Жапаровдун акыркы, "Регион.ТВ"га берген маеги бардык көйгөй суроолорго жооп берип койду. Эми биригүү керек. Саясат -  бул акыл калчаган  компромисттердин маданияты! Азыркы милдетибиз - жаңы Баш мыйзамды элдин мүдөсүнө шайкеш келген мазмунга жеткирүү. Андан башка аракеттердин кереги жок!

-Конституциянын айынан коррупционерлер менен тазалыкты туу туткандардын ортосунда айыгышкан күрөш башталдыбы?

- Ооба. Мурдагы уурулар жан алакетке түшүп, түрдүү кылыктарын көрсөтө башташты. Бирок аларды аябаш керек. Экономикалык мунапыс мүмкүнчүлүгүн пайдалануунун ордуна элди бөлүп - жарып жүргөндөрүн дагы биле баштадык. Акыл менен гана бул кырдаалдан чыгып кетүүнүн жолу, мисалы, мага айдан-ачык эле көрүнүп турат!

Айкөкүл Мырзабекова, Булак: “Майдан. kg” гезити