Президентке талапкер Садыр Жапаров сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча 23-ноябрда «7-канал» сыналгы каналына кенен маек куруп, долбоорду сындап жаткандарга жооп берди.

Садыр Жапаров учурда Конституциялык кеңешме талкуулап жаткан Баш мыйзамдын долбоору 2010-жылдан бери талкууланып келатканын айтты.

“2010-жылы Текебаевдин Конституциясына альтернатива катары киргизилген долбоор болчу. Бул долбоорду мен жазган жокмун. Мен эки гана сунуш киргиздим. Бул долбоорду 2010-жылдан бери курултайчылар чогулуп талкуулап келе жатышкан. Мунун башында Бекбосун Бөрүбашев, Кадыр Кошалиев, Азимбек Бекназаров, Байас Турал баштаган жыйырмадан ашык автор турат. Жалгыз эле киши эмес, академик, юридика илимдеринин доктору, талапкер жана башка уюмдар дагы бар”, — деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы өзүнүн сунуштарын түшүндүрүп берди.

“Жаңы кирип жаткан долбоордо башкарууда бир эле башчы болсун жана парламент калсын деп жатабыз. Бүгүн кандай? Парламенттик башкаруу деп жатабыз. Утуп келген партиялардын үчөө биригип алып мамлекетти үчкө бөлүп, бардык кызматка «итибай-чотубайын» деле коюп атат. Азыркы аксап турганыбыз ушундан болуп атат. Биз ушундай кылбай, мындан ары элдик Конституция болсун, мамлекеттин кызыкчылыгына иштесин деген Конституцияны түзүп жатабыз. Менин сунушум: өкмөт президентти бириктирип, бир эле аппарат болсун деп жатабыз. Анан курултай кирсин деп жатабыз”, — деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров 2010-жылы 27-июнда кабыл алынган Баш мыйзам бир адамдын кызыкчылыгында гана жазылган деп кескин сындады.

Булак: Элгезит