-Президенттикке 63 талапкер ат салышты. Бул эмнени билдирет? Кыргызда кыйындар  көппү же амбициясы ашкандарбы?

-Президенттик кызматка “иттин уулу Байгара” деле катышып жатышы, биздин эл биринчиден бийлик менен мансапты жакшы көргөн эл экенин көрсөттү. Экинчиден, коомдун бузулуп, деградация абалына келгенин айгинелейт. Мансапкор экенибиз өткөн парламенттик шайлоодо эле көрүнгөн. Ошондо толук түрдө максатына жетпей калгандар азыркы мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга жан үрөп жатышат. Анан калса, коомдо парламенттик башкаруудан тажап, президенттик башкарууга ыктаган тенденция да ар кимдин өз күчүн сынап көрүүгө ышкысын ойготуп жиберди окшойт. Президенттик кызмат бизде эле эмес, бүтүн дүйнө жүзүндө кадыры кеткен сыяктуу. Жоопкерчилик, милдет дегенди унутуп эле, ар ким баягы тамсилдеги бака сыяктуу өз чөлкөмүнүн чегинде саясат жүргүзгүсү келип турган чагы. 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити